Тилиңиз ден-соолугуңуз тууралуу эмнеден кабар берет?

Тилиңиз ден-соолугуңуз тууралуу эмнеден кабар берет?
1-Дек. 2018, Ишемби, 11:21

Биздин тилибиздеги ооруксунуу, кычышуу, өңүнүн өзгөрүшү сыяктуу белгилер- оорунун алгачкы белгилери. Тил ооруну диагностикалоодогу маанилүү орган экени белгилүү.

Тилиңизди чыгарыңыз. Кандайдыр бир айырмачылык болсо, анда жашоо салтыңызды өзгөртүү керек дегенден кабар берет. Эгер тилибиздин алдындагы тамырлар чоң болуп турса, анда туз менен кантты азайтуу керек дегенди билдирет. Эгер тилдин үстү коюу кызыл түстө болуп турса, анда ачуудан жана татымалдардан алыс болуш керек. Ал эми эгер тилиңиз тегиз, четтеринде тиштин изи калган болсо, боор жана өттөгү көйгөйлөрдүн белгиси. Эгер сиздин тилиңиз бозоргон болсо, ал аз кандуулукту билдирет. Бул учурда сиз кан аздыкка каршы тамактарды пайдаланып, кофени азайтууңуз керек. Өзгөчө тилдин учундагы өзгөрүүлөр жүрөк менен өпкөдөгү көйгөйлөрдү көрсөтөт. Сиздин тилиңиздеги төмөндөгүдөй белгилерге көңүл бөлө жүрүңүз.

Жумшак жана бозомтук көрүнсө: Бул B12 же темирдин жетишсиздигинен болушу мүмкүн.

Кара тартып жана шишиген сыяктуу болсо: Бул начар гигиенанын көрсөткүчү. Ооз көңдөйүнүн гигиенасы жүрөк оорусун арттырат. Ошону менен катар, кара тил грибок инфекциясынын симптомы болушу мүмкүн. Иммундук системасы начар жана кант диабети бар адамдарда да ушундай болот.

Өтө чоң тил: Эгер тилиңиз шишип же чоң экенин сезсеңиз, гипотиреоз болушу мүмкүн. Денеңиздин калкан безинин гормонун жетиштүү деңгээлде бөлүп чыгарбай, ал метаболизмди жайлатат жана энергияны азайтат.

Кесилген тил: Эгер тилиңизден жарылганын же кесилгенин көрсөңүз аутоиммундук бузулуш болушу мүмкүн.

Агарган тил: Сиздин тилиңизди агартуу грибок инфекциясынын симптому болушу мүмкүн. Ооздогу грибоктор менен күрөшкөн бактериялардын табигый деңгээли жоголуп кетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!