2017-жылы кызамык менен ооруган 110 миң адам көз жумду

2017-жылы кызамык менен ооруган 110 миң адам көз жумду
1-Дек. 2018, Ишемби, 11:44

Кызамык бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Европа өлкөлөрүндө да таралып жатат. Бул оору пневмония менен энцефалит сыяктуу дарттарды пайда кылышы мүмкүн, керек болсо өлүмгө дагы алып келүүсү мүмкүн. Анын негизги курмандыктары вакцинация деңгээли төмөн өлкөлөр менен региондордо катталууда.

Бул тууралуу Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун докладында белгилүү болду. Анын авторлору белгилегендей аталган оору 2017-жылы дүйнөнүн бүткүл бурчунда катталып 110 миң адамдын өлүмүнө алып келген. Бул жагдайдын негизги себеби вакцинациянын чектелүү көлөмү болуп саналат.

Кызамык — вирустар козгоочу катуу кармай турган жугуштуу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер, айрыкча 2 — 10 жаштагы балдар ооруйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!