Суукка аллергияңыз бар экенин кантип билсе болот?

Суукка аллергияңыз бар экенин кантип билсе болот?
3-Дек. 2018, Дүйшөмбү, 12:51

Дарыгерлер кыш мезгилинде аллергиянын кандайдыр бир белгилери болсо аны өзүңүз дарыласаңыз боло турганын айтышат.

Беттеги ысыктар (безетки) өт жолдорунда, ичеги-карында, ашказан жумушунда кандайдыр бир көйгөй бар болгондугу үчүн чыгат. Биринчи ушул ички организмдин жумушун туура иштөөсүн камсыз кылуу кажет. Ал үчүн шоколад, таттуулар менен майлуу тамактарды азайткан жакшы. Ошондон кийин сууктан коргонуу чараларын көрүү керек. Эшикке чыгардын алдында бетти коргой турган крем сүйкөш керек. Жана албетте туура тамактануу эрежесин унутпаңыз!

Анын пайда болушун негизги себеби бул иммундук системанын бузулушу. Мисалы, инфекциялар менен, ашказан, ичеги жолддорунун өнөкөт оорулары, ичтин катуусу, тиштин кызыл эктериндеги ооруксунуу менен байланыштуу. Суукка терс реакция өзгөчө тукум кууган учурда жана башка дагы аллергия менен жабыркап келгендерде көп кездешет. Кооптуу жагдай сезимтал жана назик тери ээлеринде да бар. Статистикага таянсак, суукка аллергия эркектерге караганда аялдар көп (70% учурда) кабылышат. Мунун менен кошо ал балдарда да көп кездешет.

Анын белгилери:

Аллергиянын бир нече негизги белгилери бар. Алардын бири — сасык тумоолоп калуу. Болгону суук күнү адам сыртка чыгып койсо, анын мурду бүтөлүп, чүчкүрүп баштайт. Мындан улам ал сасык тумоолоп калдым деген ойго келет. Бирок бул белгилер жылуу жерге киргенде тез эле жоголуп кетет.

Ошол сыяктуу эле суукка аллергия башка учурларда да болот. Мисалы, ал конъюнктивит же дерматит катары көрүнсө. Биринчисинде кызарып, жаш агызып, көздү ачыштырат. Ал эми экинчисинде – бет менен колдун кызарып чыгышы менен байкалат. Ошол эле маалда тери кургап, кычышып жана түлөйт.

Кантип айыктыруу керек?

Суукка аллергияңыз болсо эң алгач дарыгерге кайрылыңыз! Ал эми дарыгергер аллергияга каршы — препарат, мазь, крем, мурунга спрей жазып бермекчи. Ошол эле учурда «гипоаллергенная диета» эң маанилүү ролду ойнойт. Мында аллергияны козгой турган тамак аштар рациондон алынат. Көпчүлүк учурда аларга цитрус өсүмдүктөрү, кызыл түстөгү мөмө жана жашылча жемиштер, козу карын, жаңгактар, кофе жана спирт ичимдиктери кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү