Кан басымдын көтөрүлүүсүн байкабай жүрө берүү эмнеси менен кооптуу?

Кан басымдын көтөрүлүүсүн байкабай жүрө берүү эмнеси менен кооптуу?
4-Дек. 2018, Шейшемби, 16:10

Адамдарда кан басымы көтөрүлсө деле, көпчүлүк учурда аны байкабай жүрө беришет. Бул эмнеси менен мээге жана жүрөккө кооптуу?

Көпчүлүк учурда адамдар кан басымынын көтөрүлүшүн байкабай жүрө берет. Мында, адамдарда баш ооруу, баш айлануу жана кулакка үндөрдүн угулуусу менен коштолот. Ошондуктан, аны “ Тымызын өлтүргүч” деп аташат. Кан басым көтөрүлгөн учурда, кадимки дени-сак адамдардай жүрө бересиз. Кан басымдын ар дайым көтөрүлө берүүсү-кандын коюлануусуна алып келет.

Эң негизгиси ал-инсультка алып келмекчи. Бул ооруу эркектерде да, аялдарда да кездешет. Бирок, көпчүлүк учурда эркектер жабыркайт.

Кан басымынын жогорулоосуна айрым оорулар дагы түрткү болот. Мисалга, кант диабет, богок ж.б. Кант диабет менен ооругандардын көпчүлүгүндө-артериалдык гипертания оорусу байкалат. Адамдардын бул учурда башы тынбай ооруйт, бирок алар ага деле маани бербей жүрө берет. Качан доктурга кайрылганда, гипертоник экендиги билинет.

Ошондой эле, бунун пайда болуусуна тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ичүү, тукум куучулук, жүрөк оорулары да себеп болмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!