Сарымсак суусунун пайдасы

19-Апр. 2017, Шаршемби

Сарымсактын сан түрлүү касиети бар экенин көпчүлүгүбүзгө маалым. Ал ички органдарды, денени жана дем алуу жолдорунан зыяндуу бактерияларды, ичеги карындагы митени чыгарып, кан басымын төмөндөтүп жана бездердин пайда болуусуна бөгөт болот. Ошондой эле сарымсак антисептикалык жана антиоксиданттык касетке да ээ.

Бир түйүн сарымсакта 400дөн ашык пайдалуу заттар бар. Ал организмдеги начар холестериндин деңгээлин төмөндөтүп, тамырларды тазалайт, мультиморфтуу глиобластома (мээ рагына себепчи) клеткаларын жоёт, кептөөр, кургак учук таякчаларын жана хеликобактерди (ашказан жарасы) жок кылып, курттарды чыгарат.

Көптөгөн ооруларды алдын алуучу сарымсак суусун сунуштайбыз:

Бөтөлкөгө ар бири төрт бөлүккө бөлүнгөн 12 даана сарымсак салабыз. Үстүнө 3 стакан кызыл шарап куябыз. Идишти жаап, терезе алдына, күн тийүүчү жерге эки жума коёбуз. Күн сайын 2-3 ирээт чайкап турабыз. Андан кийин сүзүп алып, күңүрт бөтөлкөгө куюп коёбуз.

Ушу суусундукту 1 чай кашыктан күнүнө 3 жолу 1 ай бою ичесиз. Дары суу денедеги туздарды чыгарат, иштөө мүмкүнчүлүгүн жакшыртып, канды тазалап, организмди сергитет. Жүрөктүн иштөөсүн жакшыртып, зат алмашууну тездетет. Аялдардын сезгенүү ооруларында абдан пайдалуу. Зыяндуу калдыктардан денени тазалап чыгат. Бул ыкманы колдонордон мурда дарыгерден кеңеш алыңыз!
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!