Көздүн кызарганын кантип кетирсе болот?

Көздүн кызарганын кантип кетирсе болот?
7-Дек. 2018, Жума, 12:34

Кээ бир кыз-келиндер менен аялдарда аллергия сыяктуу белгилүү бир жагдайларда көздүн кызаруусу пайда болот. Бул түрдүү факторлорго байланыштуу. Мисалы, катуу чарчоо, көзгө күндүн тушүүсү, сапатсыз көз боёктор, көз айнек, компьютер, керек болсо уйкунун өзү көздүн кызаруусуна алып келет. Ал эми андан кантип кутулса болот? Дарыгерлер бул оорудан айыгуунун 7 жолу бар экенин айтышат.

1. Сегиз сааттык уйку. Сулуу көрунгүсү келген ар бир аял күнүнө болжол менен 8 саат уктоосу керек. Көз толук кандуу дем албаса күнү бою адамдын маанайы да болбойт.

2. Токсиндүү газдардын көзгө түшпөсүнө көңүл бөлүңүз. Бөлмөнүн терезесин күнүнө бир нече ирет ачып, бөлмөнү жагымсыз абадан тазалап туруу кажет. Түтүндү имараттарга кирбешине аракет кылыңыз. Ал эми боёктор менен жумуш иштеп жатканда милдеттүү турдө ачык жерде болуңуз шарт. Керек болсо, ашканада тамак даярдаган кезде да тамактын майынын сапаттуусун пайдаланыңыз. Андан бөлүнүп чыккан газ көзгө жаман таасир берет.

3. Көздү күндөн коргоочу көз айнекти жай айларында гана тагып койбой, кышында да таштабоого тырышыңыз. Анткени, ак карга чагылышкан күн көздүн жанарына терс таасир тийгизет. Ошондой эле, күз менен жаздын жел урган күндөрү да аталган көз айнектерди сиздин көзүңүздү бөтөн заттардан коргойт.

4. Жалаң гана сапаттуу косметика пайдаланыңыз. Эгер көз менен каш боёкторду организмиңизге жакпаса аны кайра сүйкөгөн кереги жок. Ал эми уктар алдында беттеги боёкту толугу менен сүртпөй жатууга таптар болбойт.

5. Эгер көзүңүзгө линза тага турган болсоңуз милдеттүү түрдө аны туура пайдалануу жолдорун билиңиз. Линзаны убакытында чечип, убактылуу тазалап отуруш керек. Ошондой эле, линзалардын да пайдалануу убактысы болорун унутпаганыңыз оң.

6. Компьютер менен жумуш иштеген кезде ар бир 2 саат сайын милдеттүү түрдө 10-15 мүнөттүк үзүлүш жасап отуруу кажет. Дем алыш болгон кезде көздү жумуп, жумуштан башка нерселерди ойлонууга тырышыңыз. Ал эми көзгө түрдүү көнүгүүлөрдү жасасаңыз андан жакшы.

7. Кондиционер же жылытуучу каражаттары бар бөлмөлөрдө абанын курамы бузулат. Тактап айтканда, андагы нымдуулук кургап, кургак аба көздүн тез чарчоосуна алып келет. Аба менен бирге көздүн өзү да кургап, жаш бөлүп чыгаруу мүмкүндүгүнөн айрылат. Мындай кезде атайы дары тамчыларды тамызыш керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!