Ден-соолукка өтө пайдалуу суусундук

Ден-соолукка өтө пайдалуу суусундук
10-Дек. 2018, Дүйшөмбү, 12:04

Адамдын кан тамырлары убакыт өткөн сайын алсырап, кан айлануу начарлайт. Анын себептери да ар түрдүү: туура тамактануу, кыймыл-аракеттин аздыгы, тез-тезден ачуулануу, убайым жана башкалар. Ал эми кан айлануу жакшы болбосо, түрдүү ооруларга кабылышы мүмкүн.

Кан тамырларды тазартып, кан айланууну жакшыртып, иммунитетти көтөрүп, боор, бөйрөккө өтө пайдалуу илгертен колдонулуп келе жаткан табигый суусундук. Аны даярдоо үчүн: 6 лимон, 30 тиш сарымсак менен 1 литр суу керек. Буларды эт тарткычтан өткөрүп, катуу отко кайнаганча жакшы ысытуу керек (бирок кайнатпаңыз). Муздагандан кийин бетин жаап, муздаткычка салып, күнүнө 50 миллитрден ичип туруу кажет. 3 жума ичип, 3 жума үзүлүш жасап жылына эки жолу ичип турган оң.

Бул компоненттердин кайсынысы болбосун аллергиясы бар адамдар, ашказанда жарасы барлар, кош бойлуу жана эмизген аялдарга колдонууга болбойт!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!