Этти көп колдонуу ден соолукка зыян

Этти көп колдонуу ден соолукка зыян
13-Дек. 2018, Бейшемби, 10:09

Этти тамакка үзгүлтүксүз кошуп колдонуу жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кыла тургандыгын окумуштуулар изилдеп чыгышты. Изилдөөнү АКШнын “Лернера” институту жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы “European Heart Journal” журналына жарыяланды. Этти организмге сиңирүү учурунда ичеги-карында “ТМАО” бактериясы пайда болот экен. Анын пайда болуусу адамдарда жүрөк ооруларын жана инсультту пайда кылат.

Экспериментке 113 ыктыярчы катышкан. Алардин бир бөлүгү тамак рационуна кызыл этти колдонсо, экинчиси эч кандай этти колдонгон эмес. Кызыл эт колдонгон адамдардын кандык түзүмүндө ТМАО бактериясынын жогору болгондугу байкалган. Башкача айтканда ал бактерия канда үч эсе көбөйгөн дегенди билдирет.

Этти көп колдонуу бир гана жүрөк-кан тамыр оорусун пайда кылбастан, ал бөйрөктүн жай иштеп калуусуна да өз таасирин тийгизип, унутчаактык оорусун пайда кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!