Дарыгер мышык

Дарыгер мышык
13-Дек. 2018, Бейшемби, 10:56

Кайсы заманда болбосун адамдар жаныбарлар менен куштарды тамак-аш же күч куралы катары гана эмес, ошону менен бирге дарычылык, эмдөө жагына да көңүл бөлүшкөн. Азыркы убакта «дары оору» аллергиянын пайда болуусун, иммунитеттин алсыроосу сыяктуу кубулуштардын байкалуусуна байланыштуу, анын кооптуу жактары артып бара жатат. Ушундан улам мышык менен дарылануу ыкмасы кенен тараган.

Мышык менен дарлануу ыкмасы «фелинотерапия» деп аталат.

Мышык жалгыздыкты билдирбей, чарчаганды басат, кан басымды калыбына келтирет. Анын биоталаасы жүрөктүн жумушун өз ордуна келтирип, тамыр жана баш ооруларды жазып, жаранын айыгышын тездетет.

Мышык – кожоюндун ооруп турган жерин басып билген мыкты энергиялык-маалымат куралы. Организмдеги ооруган дене бөлүгүндө энергия өзгөрөт, ал эми бул өзгөрүүнү мышык жакшы сезет.

Узак убакыт бою мышык жаныңызда болуп, майда жүнүнөн сылап, анын мыёлогонун угуу – иммундук системаны бекемдейт. Ошондой эле, ден-соолугуңуз жакшырып, узак өмүр сүрүүгө да таасир тийгизет.

Мышыктын мыёлогон добушу – 20дан 50 герцке чейинки белгилүү добуш толкундары. Анын бул добушу организмдин коргонуу күчүн артырып, жаранын жазылуусун тездетет. Мындай жыштыктагы добуш толкундарынын таасиринин натыйжасында сөөк тыгыздыгы жакшырып, колу-буттун морт сынуусун азайтат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!