Иммунитетти көтөрүүчү йогуртту кантип тандайбыз?

Иммунитетти көтөрүүчү йогуртту кантип тандайбыз?
14-Дек. 2018, Жума, 11:14

Иммунитетибиздин жогору болуусунун 70 пайызы ичеги карындагы микрофлораларга байланыштуу. Айрыкча кышкы учурда сүт азыктарды байма-бай ичип туруу кажет. Анткени алардын курамында проботиктер көп болот. Дал ошол сүт азыктары биздин ичеги-карындын жакшы иштеп туруусуна өбөлгө болот.

Эң пайдалуу йогуртту кантип тандоо керек?

Курамында мөмө-жемиштер жана шоколад болбогон йогурттарды сатып алыш керек. Анткени курамы жөнөкөй болгон йогурттардын таттуулугу аз болот. Мына ошондой йогурттарды сатып алып, өзүңүз жактырган мөмө-жемишиңизди кошуп жей бересиз. Майлуулугу 1,5-2,5 пайыздык йогурттарды сатып алуу туура болот.

Андан да жакшысы колуңуздан келсе, үй шартында йогурттарды жасап жеген жакшы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!