Бет нервинин параличи

Бет нервинин параличи
21-Дек. 2018, Жума, 13:12

Аба ырайына туура келбеген кийим кийүү, муздак сууга түшүү же терезеден урган жел бет нервинин тумоолоп калуусуна алып келет.

Бул көбүнчө эмоционалдык туруксуздуктан, стресс, нервдин алсыздыгынан, ошондой эле, оорулар менен инфекциянын (Герпес вирусунун) иммунитеттин төмөндөшү менен байланыштуу.

Мындан сырткары, бет нервинин невритин көп козгоочу фактор – сыртагы муздак аба (жел тийип калуу, суук аба ырайы, катуу шамалга кабылуу, кондиционердеги жел урса). Бет нерви, он эки жуп мээдеги баш сөөктүн нервдеринин жетинчи бөлүгү. Булчуң эттердин кыймылынын активдүүлүгүн камсыздайт. Ал ички угуу каналы аркылуу өткөн (околоушная железа) угуу нервинин жанында жайгашкан. Мындан улам, ортоңку кулак оорусу болгон отит оорусуна да себепчи болот.

Угуу нервинен башка, бет нервинин жанында булчуң эттердин активдүүлүгүн, шилекей бездерин жана секреторлук функциясын камсыз кылган аралык нерв өтөт.

Ошондон улам, беттин жанындагы булчуң эттердин параличинен башка, бет нервинин неврит белгилери даам сезүү менен шилекейдин бузулусуна алып келүүсү мүмкүн. Бет нервинин неврити, адатта, бир жактуу болуп саналат. Бирок кээ бир учурларда эки жактуу неврит да байкалат.

Беттин бир жак тарабындагы бир нече же бардык мимикалык булчуң эттердин кыймыл кызматынын бузулушу бет нервинин параличи экенин билдирет.

Бет нервинин параличинин себептери:

Мээнин бетин булчуң эттерине сигналдарды берген бет нервинин жабыркашынан же шишиги

Мээнин беттин булчуң эттерине сигнал берген аймагынын жабыркашы

Соо адамдарда бет нервинин неврити көбүнчө, Белл параличи менен байланыштуу. Бул – бет нервинин ооруган абалы. Бет нервинин параличи инсульттан да болушу мүмкүн. Инсультта дененин бир бөлүгүнүн башка булчуң эттерине да доо берет.

Бет нервинин неврити Белл параличи менен байланышты туудурушу мүмкүн. Бул бузулушу мононейропатия (бир нервтин жабыркашы) деп аталат. Бул учурда баш сөөктөгү мээ нервинин жетинчи жубу жабыркайт. Бет нерви бет булчуң эттеринин кыймылын көзөмөлдөйт. Мээнин шишигинине байланыштуу боло турган бет нервинин параличи адатта, жай өнүгөт.

Оорунун симптомдоруна баш оору, тарамыштын тырышып калуусу же укпай калуу кирет.

Оорунун башка себептери:

  • Мээнин же айланасындагы ткандардын инфекциясы
  • Лайм оорусу
  • Саркоидоз
  • Бет нервин кыскан шишик.
  • Дарыгерге кайрылганда эмне күтсө болот?

    Дарыгер текшерип караган кезде сизге ооруңуздун диагнозу менен симптомдору тууралуу төмөндөгү суроолорду берет:

  • Бетиңиздин эки жагы тең жабыркаганбы?
  • Жакында оорудуңузбу же жаракат алдыңызбы?
  • Башка симптомдору барбы? Мысалы, шилекей, көз жаштын агууусу, баш оору, тарамыштын тырышуусу, көрүүдөгү келип чыккан маселелери, алсыздык жана шалдыроо.
  • Керектүү текшерүүлөр:

  • Кандын анализин тапшыруу, анын ичиндеги кандагы глюкозаны аныктоо, кандын жалпы анализи, эритроциттерди текшерет.
  • Лайм оорусуна тест
  • Мээнин компьютердик томографиясы
  • Электромиография
  • Мээнин магниттик-резонанстык томографиясы (МРТ)
  • Дарыгер физиотерапевтке, логопедке же реабилитологго жөнөтүшү мүмкүн. Эгер Белл параличинин кесепетинен пайда болгон бет нервинин неврити 6-12 айдан ашык созулса, беттин сырткы түрүн жакшыртуу үчүн пластикалык хирургия сунушталуусу ыктымал.

    Дарылануу

    Дарылоо оорунун келип чыгыш себебине байланыштуу. Дарыгердин кеңештерин толугу менен аткарыңыз.

    Үйдөгү күтүм

    Дарыгердин үйдө өзүңүздү кандай күтүү керек экенидиги тууралуу айткан кеңештерин жазбай аткарыңыз. Дайындалган дары препараттарды сунушталгандай кабыл алыңыз. Эгер көз толугу менен жабылбаса, көз тамчылары же гелдин жардамы менен кургап кетүүдөн коргоо кажет.

    Качан дарыгерге көрүнүү кажет

    Бетиңизде алсыздык же паралич пайда болса, дарыгерге көрүнүңүз. Бул симптомдор күчтүү баш оору менен же көрбөй калуу менен коштолсо, тез арада медициналык жардамга кайрылыңыз.

    Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!