Карпальдуу туннель синдрому кыйнап жатса

Карпальдуу туннель синдрому кыйнап жатса
8-Янв. 2019, Шейшемби, 10:23

Карпальдуу туннель синдрому - бул билек менен колдун ооруксунуусу менен уктап калуусу жана ал нерв менен байланыштуу оору. Ал эркектерге караганда аялдарда үч эсе көп кездешет. Оору күчөп жана дарыланбай жүрө берсе манжаларда күч жоголот.

Акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, телефон, оюн консолу, компьютер менен планшет сыяктуу түзүмдөрдү көп колдонгон жаштарда да карпальдуу туннель синдромунун пайда болгону далилденген. «Muscle & Nerve» журналындагы макалада, күнүнө тогуз сааттан ашык электрондук түзүмдөрдү колдонгон жаштарда бул оору көп байкалган.

Карпальдуу туннель – бул колдун негизги “медиана” нерви; ал билек аркылуу өтүп, ортоңку нервди; негизги нервди коргоп; ийилчек тарамыш, баш бармак менен сөөмөйдүн жана башка жумшак ткандардын ийилүүсүн камсыздайт. Синдром тарамыш менен курчаган ткандар шишип, ортоңку нервке басым берет. Бул басым нервтерди кысып, ооруну пайда кылат.

Пайда болуу себеби:

Карпальдуу туннель синдромунун пайда болуусунун көптөгөн себеби болушу мүмкүн. Ал эми эң негизгиси бул тукум куучулук. Кээ бир адамдарда ичке карпальдуу туннелге ээ болушат. Мындан сырткары, башка дагы факторлору:

Билектин сынуусу же шишип кетүүсүнөн

Гипофизанын гипер активдүүлүгү

Гипотиреоз

Ревматоиддуу артрит

Жумушта көп күч жумшоо

Ар дайым титиреп турган (вибрация) түзүмдөр менен иштөө же колдонуу

Кош бойлуу же менопауза учурунда суюктукту“Fluid” кармоо.

Каналдагы ыйлаакчалардын же зыяндуу шишиктин пайда болушу.

Билекке көп күч келтирбей, иш үстүндө үзүлүш жасап туруңуз.

Муун ооруланын пайда болусун алдын алуу үчүн иш столуңузду туура коюштуруңуз. Клавиатураны чыканак менен тең же бир аз ылдый кармаңыз. Бул учурда билектин эс алуусуна жардам берет.

Иштеп жаткан учурда өзүңүздү туура алып отруңуз. Ийиндериңизди артка алыңыз, моюн жана ийин тарамыштарын бош кармаңыз. Антпесе ал билекке күч келтирип, ооруну пайда кылат.

Булчуң эттерге жана туннелге пайдалуу көнүгүүлөрдү жасаңыз.

Жазып жатканда же клавиатурада терип жатканда колуңузду бош кармаңыз. Себеби күч менен жазган учурда нервте басым пайда болот.

Оор нерселерди көтөрбөңүз.

Үй иштерин жана кир жууп сыкканда абай болуңуз, бул учурда билекке күч келет.

Күнүнө 10 жолу төмөндөгү көнүгүүнү кайталап туруңуз:

Билеклериңизди тик кармап, манжаларыңызды өзүңүзгө карай тартыңыз жана аларды 5 секунд бою кармаңыз жана кайра манжаларыңызды калпына келтириңиз.

Манжаларыңызды кысыңыз жана жумуңуз, андан кийин жумуп туруп өйдө ылдый тартыңыз. Бул учурда 5ке чейин санап, билектериңизди тик кармап, манжаларыңызды бошотуңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!