Дары-дарымексиз ашказан жумушун жакшыртуунун жолу

Дары-дарымексиз ашказан жумушун жакшыртуунун жолу
11-Янв. 2019, Жума, 10:56

Ашказан, ичеги-карын жолдорунун биздин жашообуздагы маанилүүлүгүн сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Алгач тамактануу, андан кийин сиңирүү, артынан витаминдерди жана пайдалуу заттарды токсиндерден бөлүп алуу... Жана күн сайын ушул процесс кайталанып турат.

Өкүнүчкө карай, биздин коомдо фаст-фуд, кока-кола сыяктуу тамак-аштар каптап кетти. Ал эми бул ашказан үчүн өтө чоң ооручулук алып келет. Ошондуктан ашказан, ичеги жолдору ар түрдүү кыйынчылыктарга туш болуп, дарыгердин жардамына кайрылгандардын саны күн санап өсүп келүүдө. Бүгүнкү күндө дагы ашказан, ичеги ооруларынын ондон ашык түрү белгилүү болду. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, адамдын нерв системасы менен башка организмдери ашказан менен тыгыз байланышта экен. Туура, эч кыйынчылыксыз иштеп жаткан ашказан сулуу тери, чач, дени сак организм, активдүү зат алмашуунун кепилдиги.

Биринчи кезекте ашказан, ичеги жолдорунун активдүүлүгү биздин жеген тамагыбыз менен тыгыз байланышта экенин билиңиз. Ошондуктан, ар бир адамдын күндөлүктү рациону пайдалуу тамактардан куралышы керек. Фаст-фуд, тез даярдалуучу фабрикат «ашказандын жоолорун» рациондон өчүрүп таштоого тырышыңыз.

Дарыгерлер ашказандын активдүү жумуш иштөөсү үчүн газдалбаган сууну көп ичүүгө кеңеш беришет. Биз ичкен тамактар ар түрдүү сиңет: бир тамак 30 мүнөттө сиңсе, экинчисине 5-7 саат керектелет. Узак сиңген тамактарга эт, козу карын жана курамында була (волокно) бар тамактар. Ал эми бат-баттан ичилген суу бул тамактардын тез сиңишине жол ачат.

Үйдөгү көнүгүүлөр менен машыгуу залдары ашказан «моторуна» жакшы жагынан таасир берет. Ошол себептен, бүгүнкү рационуңуз көптө сиңе турган тамак-аштарга толгон болсо, машыгуу залына карай шашылыңыз. Бул ыкма тамактын узак убакыт ашказанда туруп калуусуна тоскоолдук жаратат.

Организмдин туура жумуш иштетүүгө тырышыңыз. Күн сайын белгиленген бир убакытта тамактанып (тез жана аздан), дааратканага туруктуу турдө кирип туруңуз. Иретүүлүк деген шкафта гана эмес, башта да, ашказан, ичеги жолдорунда да болсун. Ашказан тамакты дайым бир убакта кабылдоону үйрөнсө, кыйындыктар сизди айланып өтмөкчү.

Тамак жеп жатып сүйлөбөңуз. Басып бара жатып тамак жебеңиз. Компьютер же сыналгынын алдында тамак жегенге болбойт. Күндө эртең менен 10-15 мүнөт бою ичиңизди укалаңыз. Кычкыл сүт азыктары менен жашылча жемиштерди болушунча көп жегенге аракет кылыңыз. Бул азыктар тез сиңип гана койбой, курамындагы витаминдери жана пайдалуу заттар сизге энергия, көтөрүңкү маанай сыйлайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР