Перизат Асылбаева: "Уйкусуздуктан эс тутум бузулат"

Перизат Асылбаева:
2-Фев. 2019, Ишемби, 09:53

Уйку-бул адамдын психикалык саламаттыгы үчүн өтө маанилүү. Мээбиз, компьютер сымал, күнү бою маалыматтарды жыйнап, адам уктап жатканда эстөөгө келип түшкөн маалыматтарды ылгап, маанисиз маалыматтарды өчүрүп, керектүү делген маалыматты узак убакытка эстөөгө өткөрөт. Уйкунун түш көрүү менен коштолгон циклдарынын аз кайталанышы эмоциялык кыйынчылыктарды туудурары баарыбызга белгилүү. Мисалы, уйку качуудан жапа таркан адамдардын уйкусу адаттагыдан кыска болот, ошондуктан алардын тынчсыздануу сезими улам күчөй баштайт. Дал ушундай уйку тууралуу маалыматты психолог Перизат Асылбаева zaman.kg сайтына айтып берди.


Психологдун айтымында: “Уйку - бул адамдын энергетикалык ритмдин эс алуу фазасы болот. Күндүз адам активдүү кыймылда окуп жүрүп же болбосо иштеп сергек жашоодо жашагандан кийин адам өзүнүн энергиясын жоготуп коёт. Уктап жаткан учурунда ошол биздин жоготкон энергияларыбыз кайра толукталып турат. Уйкунун бузулушунун бир канча себептери бар. Психологиялык жактан алып караганда уктап жаткан адамга ар кандай түштөр кириши мүмкун. Кирип жаткан түштөр адамдын күндүзгү болуп өткөн окуясынын элестөөсү. Эгерде оор же болбосо коркунучтуу түштөр кирсе анда бул депрессиянын бир симптому болушу мүмкүн. Адам баласында кандайдыр бир тынчсыздануу болуп жатса, бул дагы уйкунун бузулушуна себепкер. Маселен, уктап жаткан учурда бирөө кууп же болбосо жыгылып түшкөн окуя болсо, анда бул адамдын кандайдыр бир нерсеге кабатыр болуп жатканын билүүгө болот. Психологдор уйку жана түш боюнча изилдөө жүргүзүшкөн. Алардын изилдөөсү боюнча биздин түшкө архетиптер аркылуу интерпретация кирип турарын айтышкан. Мисалы, тоого чыгып баратып чокусуна жете албай кыйналып же болбосо тепкичтен чыгып баратып жыгылса бул кандайдыр бир психикалык жапа тарткандын белгиси деп эсептешкен. Мунун себебинин келип чыгышына адам өзү себепкер болот. Эгерде адам уктаар алдында тамак көп жеп же болбосо кандайдыр бир нерсеге бушайман болуп ойлоно берсе дагы ушундай түштөр кириши мумкүн. Ар бир түштүн өзүнүн символикасы болот, мисалы, тоо дегенди ала турган болсок, тоо-деген дүйнө жүзүндө ийгиликтин символу деп эсептешет. Эгерде тоого чыгып, өзүбүздү эркин сезип жакшы эмоциялар болсо, анда бир жакшы иш болуп кетишин күтүүгө болот. А эгер чокусуна чыга албай кыйналып жатса анда кандайдыр бир тоскоолдук болуп жатканын билгизет. Психологияда күндүзгү биздин кабатыр болгонубуздун баары түшкө таасирин берет деген теория бар. Ал теорияда күндүз кандай окуя болсо түштө мээ иштеп чыгып ассимиляция кылат деп айтылат. Уйкубуз жакшы болбой, кайра-кайра ойгоно берсек, организм эс ала албай калат. Бул учурда адамда кыжырдануу, чарчоо келип чыгат. Ошондуктан жатар алдында өзун жакшы маанайда кармап, тазалыкка көңүл бурушу керек. Үйдүн жана атмосферанын тазалыгы уйкунун жакшы болушуна шарт түзөт. Андан сырткары уйкуну бир калыбка түшүрүүгө аракет кылыш керек, бул эреже адамдын мээсинин эс алышына жана күндүз өзун сергек алып жүрүүсүнө жардам берет”.

Демек, ден соолугубуз чың, эс тутумубуз жакшы болсун дей турган болсок, уйкуну өз убагында уктап, мээбизди туура эс алдырганга көнүшүбүз керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дана Уайт:
Дана Уайт: "​Нурмагомедов менен Макгрегор урматташаар убакыт келет"
Көзгө эң керектүү  витаминдер
Көзгө эң керектүү витаминдер