Жүрөгүңүз оорубасын! Кан айланууну жакшыртуу жолдору

Жүрөгүңүз оорубасын! Кан айланууну жакшыртуу жолдору
2-Фев. 2019, Ишемби, 11:12

Эгер кан айланууда кандайдыр бир көйгөйлөр болсо, аны сезүү кыйын эмес. Кан басымынын жогорулашы, чарчоо, ар бир аба ырайында буту-колдун тоңушу, баш оору – мунун бардыгы кан айлануудагы өзгөрүштөр тууралуу кабар берет.

Ал кандын туура айланбай жатканы жүрөктүн жумушуна кыйынчылык алып келери түшүнүктүү. Эмесе, кан айланууну жакшыртуу жолдору менен таанышып алыңыздар.

1. Тамак-аш татымалдарын көп колдонуңуз. Кызыл, кара мурчтар, розмарин, тимьян, корица, ошондой эле, сарымсактын да кан айланууну жакшыртуучу күчү бар.

2. Тепкич менен көтөрүлүүдө көпчүлүгүбүз эринип лифтке түшө калабыз. Ал варикозду алдын алып, жүрөк булчуң этин машыктырууда тепкич менен көтөрүлүүнүн маанилү экенине көңүл бурбай келебиз.

3. Эгер компьютер алдында узак отурсаңыз, үзүлүш жасап, туруп, денени чыныктырып көнүгүү жасап туруш керек экенин унутпаңыз. Узак убакыт отура берүү кычкылтектин жетигпестигин кандын уюп калуусуна себепчи болот.

4. Тамекиден баш тартуу керек. Анткени анын курамындагы никотин организмдеги С витаминин чыгарып гана койбой, ошону менен катар жүрөк жумушуна терс таасир берет.

5. Массаж кан айланууну жакшыртат. Массаж жасагандан кийин денебиз бошоп – кан айлануунун жашырганын көрсөткүчү.

6. Туура дем алуунун да мааниси зор. Бутуңуздан башыңызга чейин көтөрүлүү, тактап айтканда бутту бир аз көтөрүп, 15 мүнөт жатуунун өзү да кан айлануунун жакшыруусуна жардам берет. Кечинде жумуштан чарчап келгенде бутуңузду көтөрүп бир аз жатууну адатка айлантыңыз.

7. Ашкабак, күн карама, курма, болушунча көбүрөк жер-жемиш жегенге аракет кылыңыз. Ошону менен катар кан айланууну иретке келтирүүгө кара шоколаддын да орду өзгөчө.

8. Муздак сууга түшүү денени сергитип, кан айлануунун жакшыртат. Ысык ваннадан кийин муздак душ кабыл алуу, инсульттун болушун 30 пайызга азайтууга болот экен.

9. Көбүрөк кыймылда болуңуз. Кыймыл –аракет дени сак өмүр салтын карманууга– кан айлануунун жакшыруусунун бирден-бир жолу. Табият койнунда жөө басып сейилдеп, таза абада көбүрөк жүргөн жакшы.

10. Бут кийимдин ыңгайлуу болушу өтө маанилүү. Мүмкүн болсо, болушунча көбүрөк жылаң аяк баскан жакшы.

11. Күндө жылуу суу ичүүнү адатка айлантыңыз. Анын жүрөгүңүзгө пайдасы мол. Ал эми муздак суу кан тамырларды тарылтат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!