Жаңы ыкма менен бөйрөктөгү ташты дарылоо

26-Апр. 2017, Шаршемби

Адам организминдеги таштар жана алардын кесепети туурасында угуп эле жүрөбүз. Ал эми анын эмнеден улам пайда болору, дарылоо жолдору жана организмде таш менен жашоо эмнеге алып бараарын билесизби? Бөйрөк- заара бөлүп чыгаруучу жуп орган. Бөйрөк аркылуу заара менен кошо суу, туздар, организмдин өзүндө пайда болуучу жана сыртан кирген уу заттар бөлүнүп чыгат. Заара бөлүп чыгаруучу тутүкчөлөрдүн начар иштөөсүнөн, өткөрүүчү функциянын бузулушу, бөйрөктүн тубаса кемтиги жана тамак-аштын начардыгы, зат алмашуунун бузулушу сыяктуу көрүнүштөрдөн улам бөйрөктө кум пайда болуп, ал жүрүп отуруп уюп таштарга айланат.

Бүгүнкү күндө ташты майдалап, жок кылуунун бир топ жолдору бар. Бөйрөк ташын майдалоо ыкмасы -ESWL тарабынан азыркы убакта колдонулуп жана жакшы жыйынтык берген ыкмалары белгилүү.

Бул ыкма менен оорулуулар уюп калган таштарды оорчулуксуз, кыйынчылыгы жок арылууга мүмкүн. Фатих Университетинин медицина факультетинин урология бөлүмүнүн профессору Жошкун Сахин “ESWL жолу менен операция кылуу аркылуу кыска убакытта жана оорулуулардын бөйрөк таштарынын толугу менен арылууга мүмкүн”,- деп билдирди.

Бөйрөктөгү жана заара түтүкчөлөрдөгү 2 сантиметрден ден кичине таштар алгач тандалып ESWL менен жок кылынууда. 2 сантиметрден чоң жана майдалоого кыйын болгон цистит жана монохидрат таштары сыяктуу таштарды майдалоодо башка ыкма колдонулушу мүмкүн. ESWL ыкмасында оорулуга сырттан шок терапиясы жасалат жана бөйрөк таштарын жоготот. Таштар заара түтүкчөлөрү аркылуу чыккандай майдаланып суюктук аркылуу чыгарылат. Бул ыкманын натыйжасында 90 пайыз оорулуулар айыктырылууда.

ESWL канча убакыт жүргүзүлөт?

ESWL сеанс ыкмасы болуп каралат. Сеанстан мурда оорулуу жеңил тамак ичүүсү керек болот. Ичеги карын системасында маселеси болгондор кечкисин дары ичүүсү мүмкүн. Сеанста таштын көлөмүнө жана жайгашкан жерине карата 30-60 мүнөт арасында жылып турганы көрүнөт. Тажрыйба жүрүп жаткан убакта бейтап ооруну сезбейт. Андай болбой ооруксунтуп жатса дары берилет.

ЕSWL кимдерге болбойт?

Боюнда бар жана гепатит менен ооругандарга болбойт. Ошону менен бирге жүрөк оорусу, бөйрөк жетишсиздиги же болбосо ашыкча салмактагы адамдарга ESWL ыкмасын колдонууда көңүл буруу керек.

Дарылангандан соң эмнелерге көңүл буруу керек?

“ESWL”ден кийин алгач чыккан заара кан же болбосо коюу өңдө болуп келет. Бул абалда майдаланган бөлүктөр чыкканда ачыштырып же сүртүлүп чыгат. Бул убактарда оорулуу көп-көп суу ичүүсү керек болот. Майдаланган таштар: чаң, кум же майда бөлүк болуп чыгат. Оорулууга көбүнчө бул убакыттар оорчулук туудурбайт, окшутуп, кустурушу мүмкүн. Бул да болсо бир абал жана таштардын чыгып жатканынан кабар берет. Кээде инфексиялуу таштардан же ESWL’ден кийин оорулуунун температурасы көтөрүлөт. Бул сыяктуу абалда дене табын түшүрүүгө аракет кылуу керек.Эгер дене табы түшпөсө догдурга кайрылуу кажет. Бул ыкма Россия жана Турция мамлекеттеринде ишке ашып, ал жактан бейтаптар дарыланууга мүмкүнчүлүк ала алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!