Жогорку кан басымды төмөндөтүүчү суусундук

Жогорку кан басымды төмөндөтүүчү суусундук
11-Март 2019, Дүйшөмбү, 13:04

Окумуштуулар жогорку кан басым менен жабыркап келгендерге ананастын ширесин ичүүнү сунуш кылат. Анткени ананастын ширеси калийге бай келип, жогорку кан басымды түшүрүүчү мыкты каражат. Бул суусундук организмдеги натрийди төмөндөтүп, кан тамырлардын жолдорун кеңейтет.

Ошондой эле, айрым суусундуктарды дайыма ичип туруу артериалдык кан басымды түшүрүүсү мүмкүн. Мындай абал гипертония оорусу менен жабыркагандарга оң таасирин тийгизет.

Ананас ширесинен башка, кызылчанын ширесин ичсе болот. Кызылчанын ширнеси дагы кан тамырларды кеңейтип, кан басымды нормалдаштырат. Муну менен бирге антиоксидант катары колдонулган көк чай дагы кан басымды түшүрүүгө жардамга келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР