Өттөгү таштарды кетирүү ыкмасы

28-Апр. 2017, Жума

3-4 кызылчаны кабыгынан тазалап, жука кылып кесип аласыз. Тилимдерди үч литрлик банканын түбүнө үч кат кылып тизип чыгыңыз. Андан соң үстүнө кайнатылган же болбосо булактын муздак суусун куюп, бетин капкак менен жаап коёсуз. Бир жума өткөндөн кийин жыгач кашык менен аралаштырып, 7-8 күн тундурат. Даяр болгон кызылча тунмасын сүзүп, муздаткычка салып коёсуз. Тунманы жылытып, чаңкаган сайын ичип туруу керек. Тунманын бири даяр болгондо экинчисин жасап коюп турсаңыз, даяр суусундук ар дайым жаныңызда болот.

Мындай эмдөөдөн кийин бөйрөк менен өттө пайда болгон таштардан жанды кыйнабай кутулуга мүмкүн болот. Ошону менен бирге кызылчаны тунмасын ичкенде кан басым да төмөндөп, ичеги карындын иштөөсү жакшырат. Эгер мүмкүндү болсо ультра добуштук текшерүүдөн (УЗИ) өтүп, натыйжасын текшерткениңиз жакшы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!