Көздүн көрүүсүн жакшыртчу көнүгүүлөр

29-Апр. 2017, Ишемби

Көздүн көрүүсүн жакшыртуучу бир топ көнүгүүлөрдү сунуштайбыз.

1. Көздү солго жана оңго башты кыймылдатпай кароо
2. Көз алмаларын тигинен жогору карап кыймылдатуу.
3. Көздү айлантып козголтуу: сааттын жебеси менен жана карама-каршы багытта.
4. Көздү тезден жана катуу ачып-жумуу.
5. Диагоналынан кыймылдатуу: сол жак төмөнкү буручка, андан кийин жогору көтөрүү керек. Экинчи көзгө да дал ушундай сыяктуу көнүгүү жасайсыз.
6. Мурунга кароо. Бул үчүн мурундун учуна сөөмөйүңүздү жакындатып, ал жылган сайын анын учун карап турасыз.

7. Көздү тезден ирмеп туруу кажет.
8. Алыстыкты кароо. Терезеге жакындап, анык көрүнүүчү жакын турган детальдарга караңыз: терезенин ары жагында өсүп турган бак-дарактарга кайрадан айнектеги сызыкка карайсыз. Айнекке кичине кагаз да жабыштырып койсо болот. Андан соң көзүңүз менен алысты карап кайрадан жакындатып караңыз, болушунча алыс турган заттарды көрүүгө тырышыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!