Кара калемпирдин дарылык касиети

2-Май 2017, Шейшемби

Жыпар жытуу калемпирдин мекени Индия болуп саналат. Бул шорпого, маринад катары кошуп тамактын даамын чыгарат. Кара мурчтун зыяндуулугу жана пайдасы дарыгерлер тарабынан аныкталып, медицинада колдонулуп келет.

Кара мурчтун курамындагы марганец сөөккө пайдалуу жана организмдеги инфекциялар менен күрөшөт. Мындан тышкары марганец холестериндин өлчөмүн сактап, инсулиндин көлөмүн калыбына келтирет.

Кара мурчтун дагы бир пайдалуу жагы бул анын курамындагы темирдин болушу. Ал аз кандуулук менен курөшүп, өнөкөт чарчоо жана коргоо функциялары үчүн жооп берет. ошондой эле бул өсүмдүктө К витамини кездешет. Ал сөөктүн ткандарын бекемдеп, организм өз убагында кальций менен камсыз болуусуна жардам берет.

Майдаланган (ун сыяктуу) кара мурчтун көптөгөн дарылык касиети бар. Мисалы табитти ачат, кекирүүнү басат, какырыкты суюлтат жана кан айланууну жакшыртат. Кара мурчтун дагы кандай касиеттери бар десеңиз төмөнкүлөргө көңүл бөлүңүз:

1. Дем алуу органдарына суук тийген учурда 1 аш кашык майдаланган кара мурчту 1 стакан бал менен аралаштырып, 1 чай кашыктан күнүнө 3-4 ирээт ичесиз. Ошону менен бирге бул дары жүрөк ооруганда жана заара айдоочу катары жакшы жардам берет.
3. Чакалай чыкканда хна менен мурчту аралаштырып, териге сүйкөйсүз.
4. Муун оорулары, сөөк сынганда, шал, неврит жана булчуң эт алсыраганда кара мурчту кошуп, жай отто бир нече мүнөт кайнатасыз. Бөлмө температурасында салкындатып сүзгүчтөн өткөрүп аласыз. Андан кийин ооруган жерге сүйкөп турасыз.
5. Эгер чач көп түшсө, туз, кара муруч, пияз ширесин бирдей өлчөмдө аралаштырып, чачтын түбүнө сүртүп чыгасыз. 20-30 мүнөттөн кийин жууп таштайсыз. Бул маска дарылык пайдасы менен катар эле чачтын өсүүсүн да тездетет.
Эскертүү:
Кара мурчту бөйрөк, аз кандуулук болсо, аллергия сыяктуу ооруларда жана табарсык ооруган учурда колдонууга болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!