Балаңыздын тиш оорусуна көңүл бөлүңүз!

Балаңыздын тиш оорусуна көңүл бөлүңүз!
22-Апр. 2019, Дүйшөмбү, 10:50

Балдар жакшы тамактануу үчүн, алардын тишинин бекем болуусу абдан маанилүү. Анткени алар биздин келечегибиз жана урпактарыбыз.

Адистер балдар ден соолукта болушу үчүн, алар жакшы тамактаныш керектигин жана жакшы тамактануудагы башкы орган бул ооз көңдөйү экендигин айтып келет. Ал үчүн алардын тиштери курт жебеген, таза болуусу шарт. Алардын тиштеринин курт жегендигинин алдын алуу үчүн, жылына жок дегенде бир ирет дарыгерден өткөрүп туруу кажет.

Эгерде балаңыздын өзүндө мурдатан тиш маселеси болгон болсо, аны дагы убагында дарыгерге көрсөтүп, эртерээк айыктырууга аракет кылыңыз.

Ал ортодо доктурлар балдардын сүт тишине көңүл бөлүүгө чакырат. Көпчүлүк учурда ата-энелер: “Ал деген сүт тиш эч нерсе деле болбойт”,- деп коюшат. Бул туура эмес, себеби сүт тиш кандай болсо анын ордуна кийин дал ошондой тиш чыгат. Сүт тиш тамакты чайнап жеген боюнча негизги ролду ойнойт. Ошондуктан, аны дагы ата-энелер ар дайым көзөмөлгө алып туруу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!