Күн ысыкта күндүн нурунан кантип сактануу керек?

Күн ысыкта күндүн нурунан кантип сактануу керек?
1-Июль 2019, Дүйшөмбү, 13:28

Ысык уруу - организмдин өтө ысып кетишинен пайда болуучу оорулуу абал.

Ысык уруунун эң алгачкы белгилери: шалдыроо, алсыроо, баш ооруу, баш айлануу, эсин жоготуу, дененин кургак жана ысык болушу, тырышуу.

Саламаттыкты сактоо министрлиги күндүн нурунан сактануу үчүн бул эрежелерди колдонуу керек экенин сунуштайт:

- Күндө узакка жүрбө;

- Табигый материалдардан жасалган жука ачык түстүү кийимдерди кийүү;

- Баш кийим кийүү;

- Бир нече жолу, бирок аз-аздан тамактануу;

- Жабык унаанын ичине балдарды жана кары адамдарды таштабоо;

- Кара жумуштарды аз жасоо;

- 1 суткада 1,5-2,5 литр суу ичүү;

- Күндөн коргоочу кол чатыр колдонуу;

Инсульт же инфаркты башынан өткөргөндөр, онкологиялык оорусу барлар күн нурунан качуусу зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!