Диабетке чалдыккандар ысыктан кантип коргонуш керек?

Диабетке чалдыккандар ысыктан кантип коргонуш керек?
2-Июль 2019, Шейшемби, 10:26

Күндүн аптаптуу ысыгында диабетке чалдыккандарда кандын түзүмүндөгү кант бирде өйдө, бирде ылдый болгонун байкоого болот. Муну менен бирге аларда организмде суунун жетишсиздиги жана уйкусуздукка бат кабылуу байкалат. Мындай абалдан корунуу үчүн адистер төмөнкүдөй кеңештерди берет.

Түшкү убакытта сыртка чыгуудан баш тартыңыз

Эгерде сиздин өтө зарыл жумушуңуз жок болгон соң, анда түшкү убакытта үйдө эле олтурганыңыз жакшы. Жумушту бүтүрүү үчүн адистер эртең мененки салкын убакыт ыңгайлуу экендигин айтат.

Тамактануу жана уйку режимине көңүл бөлүңүз

Өзгөчө ысык климатта жашаган диабетиктер тамактануусуна жана уйкусуна абдан көңүл бөлүүсү кажет. Ага көңүл бөлбөсөңүз, ден соолугуңузга олуттуу зыян жаратып алышыңыз мүмкүн.

Колдонулган суунун өлчөмүн байкаңыз

Диабетке кабылгандар күндүн ысык нуруна узак убакыт калуудан этият болуусу керек. Себеби, мындай абал: тердөө менен бирге, организмдеги суунун жетишсиздигине, андагы электролиттердин азаюсуна жана кандын түзүмүндөгү шекеринин бирде өйдө, бирде ылдый болушуна себеп болот.

Жайкы мөмөлөрдү колдонууда чектөө киргизиңиз

Курамы глюкозага бай болгон: коон, дарбыз, жүзүм, шабдалы сыяктуу мөмөлөрдү колдонууда өзүңүзгө чектөө коюңуз.

Эс алууда сөзсүз бут кийимчен жүрүңүз

Диабетке чалдыккандардын буту же колу жараат алса, анда анын айыгышы кыйын болот. Адистер өзгөчө жайкы эс алууга барганда, кумда болсо дагы бут кийим жүрүүнү эскертет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!