Ашыкча антибиотик колдонуу астма оорусун пайда кылат

Ашыкча антибиотик колдонуу астма оорусун пайда кылат
3-Июль 2019, Шаршемби, 15:07

Астма оорусу менен дүйнөдө 300 миллиондон ашуун киши жабыркап келет. Анын бирден-бир себеби катары билип-билбей, ашыкча антибиотик колдонуу болуп саналат.

Астма кандай оору?

Астма-бул дем алуунун кысылуусу жана оорлошуусу болуп саналат. Аталган оору дем алуу түтүкчөлөрүнүн сезгенүүсүнөн (аллергия) улам келип чыгат.

Ал эмнеден пайда болот?

Аталган ооруну аллергиялык деп айтууга болот. Айрым учурда ал тукум куушу дагы мүмкүн. Муну менен бирге чаң, уулуу заттар, стресс, тамеки тартуу жана куш-канаттулардын, инфекция жана башка заттар себепкер болот.

Астманын белгилери

Бул ооруга кабылгандар дем алуу жолдору абдан сезимтал келип, түтүн, ыштын жытынан дем алуусу оорлошот. Бронхтордогу булчуңдар жыйрылып, дем алуу жолдору ичкерет. Ал жердеги ткандар шишип, былжыр жана каырык көбөйөт.

Үч аптадан ашкан жөтөл байкалса көңүл бөлүңүз!

Классикалык астманын белгилери-тамагы кырылдап, энтигүү, дем алуу кыйындайт. Эгерде сизде үч аптадан ашуун жөтөл пайда болсо, анда астманын белгилери катары сыппаттого болот.

Айыктыруу жолу

Аталган ооруну толугу менен айыктыруу мүмкүн эмес. Адистер анын алдын алып, оору кармаса керектүү дарыларды колдонуп, ооруну басаңдатуу боло тургандыгын эскертет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!