Эмне себептен ич катат?

Эмне себептен ич катат?
9-Июль 2019, Шейшемби, 15:54

Эмне себептен адамдар ич катууга дуушар болот. Өзгөчө эркектерге караганда аялдар көп кабылат. Аялдарда ич катуунун бирден-бир себеби калкан безиндеги картизол гормонунун функциясынын бузулушуна байланыштуу . Муну менен бирге иммунитеттин түшүп кеткенден дагы болот.

-Аялдар стресске кабылып, кортизол гормону бирде өйдө, бирде ылдый болгондо дагы ич катат

-40% аялдарда төрөттөн кийин ич катуу (запор) байкалат.

-Аялдар ун азыктарына абдан жакын келет

Ич катуу байкалганда эмне кылуу керек?

-Курамы пробиотикке бай (айран, кефир, йогурт) азыктарды көп колдонуу керек

-Сууну көп ичүү кажет. Сууну көп ичүү менен сиз организмдин мыкты иштөөсүн камсыз кылган болосуз

-Стресстик абалды көзөмөлгө алыңыз. Ар дайым стресстик абалда жүрүүдөн этият болуңуз. Анткени ар дайым стресстик абалда жүрүү, кортизол гормонунун өзгөрүүсүнө таасир этет.

Дени соо адамдардын ичи катуусу анын тамактануусуна, жашоо шартына жана көнүмүш адатына жараша болот. Ал ичегинин ишин нервдик жөнгө салуу начарлоодон, кыймылсыздыктан, ичегинин сезгенишинен жана денедеги туз жана суунун алмашуунун бузулуусунан жана башкадан болот. Өзгөчө тамактануунун бузулушунан ич катуу көп кездешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!