Организмди шлак жана токсиндерден туура тазалоо

Организмди шлак жана токсиндерден туура тазалоо
17-Июль 2019, Шаршемби, 11:56

Организмди тазалоо-бул атайын бир диетага отуруп, өзүнө түрдүү тамактарды ичүүгө чектөө коюу эмес. Аны тазалоо деген сөз-бул спорт менен машыгуу дегенди билдирет.

Башкача айтканда, организмде туруп калган шлак, капилярлардан жана токсиндерден арылуу. Гистологдордун айтуусунда, адамдарда 40 миллиарддан ашуун капилярлар бар. Дал ошол капилярлар аркылуу адамдардын сөөгүнө жана ички органдарда туура азыктануу жүрөт.

Качан адамдарда булчуңдар туура иштеп баштаганда, гана организмдеги капилярлар тазаланат. Ал аркылуу заара кычкылдыгы бөлүнүп чыгып, зат алмашуу жакшы иштей баштайт.

Адамдын организми үй сымал. Анда керексиз таштандылар чогула берет. Алар чогулуп олтуруп, адамдардагы ооруну пайда кылат. Оонкологиялык оорулар дагы, организмде миңдеген өлүп калган клеткалар чогулуп калгандан улам пайда болот.

Адамда күнүнө 5 миллион эритроциттер жана 200 миң тромбоциттер өлөт.

Организмди тазалоо

-Бул бир гана кишечниктердин жакшы иштөөсү эмес

-Бул бир гана зааранын убагында чыгуусу эмес

-Бул албетте күнүнө 2,5 литр суу ичүү дегенди билдирет

Муну менен бирге көк чай, сүт кошулган чай, мөмө-жемиштер сизге жардамга келет. Организмди тазалоо-бул таза абада сейилдөө жана таза азыктар менен тамактанып, спорт менен машыгуу дегенди билдирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!