Вертиго деген эмне?

Вертиго деген эмне?
17-Июль 2019, Шаршемби, 15:57

Вертиго-бул адамдардагы ар дайым баш айлануу сезими. Мисалга, алар жерде турса дагы айланасындагы предметтердин бардыгы көз алдында айланып жаткан сыяктанат.

Жалпак тил менен айтканда “Баш айлануу” дегенди билдирет.

Вертиго-ар кандай убакытка чейин созулуш мүмкүн. Маселен узакка созулганвертиго, кыска аралыкка созулган вертиго. Анын себеби катары ички кулак оорулары жана мээнин тең салмактуулукту жоготуу сезими болуп саналат.

Вертиго кайдан пайда болот?

Биздин кулак органыбыз бир гана угуу милдетин аткарбастан, ал адамдардагы тең салмактуулукту дагы кармап турат. Ал үндөргө жана жердин тартылуусун абдан сезе билет.

Мындай абалга кабылганда адам эң негизгиси жыгылып калбоого аракет кылуу керек.

Вертиго пристубу кармаганда эмне кылуу кажет?

-Эң алгач эле акырын кыймыл жасаңыз.

-Өйдө жана ылдыйды карабаганга аракет жасаңыз

-Кыймылдап жаткан предметтерди карабаганга аракет жасаңыз

-Акырын жерге жатыңыз

-Тынч жерде отуруп бир саамга эс алыңыз

-Доктурга кайрылыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!