Күнүнө жүз граммдан ашык кумшекер колдонуу рак оорусун пайда кылабы?

Күнүнө жүз граммдан ашык кумшекер колдонуу рак оорусун пайда кылабы?
22-Авг. 2019, Бейшемби, 15:15

Францияда жана Парижде ири университеттерде жасалган изилдөөлөр боюнча, шекерди күнүнө жүз граммдан ашык колдонуу рак оорусун пайда кыла тургандыгын изилдеп чыгышкан.

Ошол эле учурда кумшекерди көп колдонгондор диабет оорусуна чалдыгуу менен бирге, акыркы учурда рак оорусун пайда кылгандыгын илимий изилдөөлөр тастыктаган.

Ал ортодо адистер кумшекер кошулган тамак-аштарды аз колдонуп, анын ордуна жаңы бышкан мөмөлөрдү колдонууга чакырат. Өзгөчө жаш балдар жана жаштар тамактануусуна көзөмөл киргизүү керек. Мисалга, күнүмдүк тамак-ашыңызга кумшекер кошулган азыктарды аз өлчөмдө колдонууга чектөө киргизиңиз. Кайра иштелип чыккан азык-түлүктүн ордуна, колдон келсе табигый даамдарды колдонгон алда канча пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!