Кекечтик деген эмне жана аны кантип алдын алуу керек?

Кекечтик деген эмне жана аны кантип алдын алуу керек?
10-Сен. 2019, Шейшемби, 14:25

Адистер коомубузда кекечтенип сүйлөгөн балдар көбөйүп жатканы боюнча коңгуроо кагып келет. Кекечтик деген эмне? Ал кандай оору жана аны толук айыктыруу мүмкүнбү?

1.Кекечтиктин эң башкы себеби коркунучтан пайда болот. Бала 2-3 жаш кезинде катуу чочугандан улам, тилиндеги булчуң эттер тартылып, тамактан келген дабышты жакшы чыгара албай калат.

2.Экинчи себеп, ата-эненин балага убагында көңүл бөлбөөсү. Мисалы, тили жаңы эле чыгып келе жаткан балага жеңил сөздөрдү колдонуунун ордуна, баланын тилине оор келген сөздөрдү үйрөтүү.

3.Үчүнчүдөн, бала курсакта жатканда эне чочуп, катуу коркууга учураганда дагы, балада кандайдыр бир оору пайда болуп, кекечтикке себеп болот. Ал алгачкы учурларда байкалбашы мүмкүн, а бирок убакыттын өтүшү менен кекечтиктин белгилерин байкоого болот.

Кекечтиктин эки түрү бар

Сөздөрдү айтканда кыйынчылык туудурган кекечтиктин “Жеңил” жана “Өнөкөткө” айланган эки түрү бар. Жеңил түрү-баланын тилинде кекечтиктин эми пайда болгон убагы. Аны ар кандай көнүгүүлөрдү жасатуу аркылуу, алдын алса болот.

Ал эми өнөкөткө айланган түрүндө, ата-энеле баладагы симптомдорду убагында байкабай калып, дарыгерлерге көрсөтпөй жүрө берүү. Анын айыктырууда сөзсүз кыйынчылык жаралат.

Кантип арылууга болот?

Тилдеги кекечтиктен арылуу үчүн эң алды менен туура дем алууну үйрөнүү керек. Тынч алуу жана көнүгүүлөрдү күнүгө жасаганды адатка айлантуу. Андан кийин эле тажрыйбалуу адистин көзөмөлүндө болуп, анын айткандарын убагында аткаруу кажет. Үчүнчүдөн болсо, “Логопеддик массажды” колдонуу ыкмасы ада канча пайдалуу. Ал булчуң эттердин иштөөсүн жакшыртып, тил кызматынын эркин болушуна жардам берет.

Кесипкөй адистер сиздин балаңыз менен канчалык көнүгүүлөрдү аткарып, жасабасын, ата-энелер үйүндө балага көңүл бөлүп, кайталатпаса, анын натыйжалуулугу болбойт. Ошондуктан, сабактан соң, үйдө дагы сөздөрдү айтып кайталатуу кажет.

Эгерде балага ата-эне жана адис тарабынан колдоо жакшы болсо, бала кекечтиктен бир жылда айыгып кетүү шансы бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!