Денедеги жагымсыз жытты алдын алуучу 7 азык!

Денедеги жагымсыз жытты алдын алуучу 7 азык!
17-Сен. 2019, Шейшемби, 15:44

Ар бирибиз эле жагымдуу жыттануу үчүн ар-түрдүү атырларды сатып алабыз. А бирок денедеги жагымсыз жыттан толугу менен арылууга мүмкүн эмес.

Түрдүү косметикалык каражаттарды колдонгонубуз менен тамактануу да жагымсыз жыттын пайда болушуна түздөн-түз таасир берет.

Денедеги жыт менен тамак-аштын түзмө-түз байланышта экенин унутпаңыз!

Сиз эртеңки күнгө маанилүү сүйлөшүү, жолугушууну пландап, 100 пайызга жакшы көрүнүүнү, ошол эле учурда жагымдуу жыттанууну ойлонуп жатасыз дейли. Жагымдуу жыттануу үчүн сөзсүз түрдө бир күн мурун эртең мененки, түшкү жана кечки тамактан баштооңуз кажет. Башкача айтканда тамактанууңузга көңүл бурууңуз абзел, себеби булар денедеги жытка толугу менен таасир берет.

Рационго эмнелерди кошуу керек?

1) Лимондуу суу

Аз тердөө үчүн сууну аз ичүү керек деген жаңылыш түшүнүк бар. Бул туура эмес, эгерде сууну аз иче турган болсоңуз, организмдеги суунун балансы бузулат да, тескерисинче көп тердейсиз. Тердөөнү басуу үчүн лимондуу сууну ичүү пайдалуу. Себеби ал тердөөнү басаңдатат жана анын курамында организмге керектүү минералдар бар.

2) Жаңы жашылча (чөп-чар)

Бардык жашылчаны аралаштырып колдонуунун кереги жок. Болгону рационго сөзсүз түрдө жашылча салаттарды кошуу абзел. Маселен, салат жалбырагы, петрушка, укроп, капуста сыяктуу жашылчалардын бардык түрү болот. Жашылчалар бөйрөктүн иштөөсүн жакшыртып, керексиз заттарды бөлүп чыгарып, тердин дене аркылуу бөлүнүп чыгышын алдын алат.

3) Жалбыз

Же болбосо милисса (көп жылдык чөптүн бир түрү). Чайга, сууга же лимонадга кошуп ичсе болот. Жалбыз нервдерди эс алдырат. Бул тер бездеринин терди сыртка чыгаруу процессинде маанилүү роль ойногон кошумча фактор болуп саналат.

4) Шалфей (дары чөп)

Шалфей-тер аркылуу чыккан жагымсыз жытты башкача атйканда бактерияларды жөнгө салат. Эртең менен шалфейдин кайнатмасын ичсеңиз, эң сонун натыйжа берет.

Бир күн бою-эч кандай жагымсыз жыт болбойт. Бирок, эсиңизде болсун, кайнатманы жарым сааттай демдөө сунуш кылынат.

5) Имбирь

Имбирь дагы шалфей сыяктуу эң пайдалуу чөп дарылардын бири. Жагымсыз жытты алдын алууда эң чоң көмөкчү болот. Нерв системасына пайдалуу таасир берип, стресстин алдын алат. Муну менен тердегенден арыласыз.

6) Томат ширеси

Томат ширеси ашыкча тердөөнүн алдын ала турган суусундук болуп эсептелет. Курамында калий, магний сыяктуу пайдалуу минералдар бар. Эгерде томат ширесин күн сайын ичип турууну адатка айлантсаңыз, таасирдүүлүгү өтө жогору болуп, оң натыйжа берет.

Жогорудагыларды эске алып, аталгандары өз рационуңузга кошсоңуз, сөзсүз түрдө жагымсыз жыттан кутулган болосуз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жээнбеков жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташууну сунуштады
Жээнбеков жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташууну сунуштады
Инстаграм үзгүлтүккө учурады
Инстаграм үзгүлтүккө учурады
Сауд Арабия оркестри аткарган Россиянын гимни кызуу талкууга түштү (видео)
Сауд Арабия оркестри аткарган Россиянын гимни кызуу талкууга түштү (видео)
Кыргызстандык окуучулар Иран олимпиадасында медаль жеңип алышты
Кыргызстандык окуучулар Иран олимпиадасында медаль жеңип алышты
ИИМ: Асановдун иши боюнча тергөөгө кысым көрсөтүлгөн жок
ИИМ: Асановдун иши боюнча тергөөгө кысым көрсөтүлгөн жок
Ревматизм оорусунун белгилери
Ревматизм оорусунун белгилери
Чагылгандын катуу соккусунан койлор жан берди (видео)
Чагылгандын катуу соккусунан койлор жан берди (видео)
Батукаев иши: соттук отурумдарга Атамбаев келбей турган болду
Батукаев иши: соттук отурумдарга Атамбаев келбей турган болду
Актан Рыскелдиев “Сүйүнчү” радиосунда эфирге чыгат
Актан Рыскелдиев “Сүйүнчү” радиосунда эфирге чыгат
Россия Баткен облусуна бир мобилдик клиника белекке берди
Россия Баткен облусуна бир мобилдик клиника белекке берди
Келдибеков: Жээнбеков журт атасы экенин көрсөтө алды
Келдибеков: Жээнбеков журт атасы экенин көрсөтө алды
ИИМ: Кызматкерлер массалык түрдө жумуштан кеткен жок
ИИМ: Кызматкерлер массалык түрдө жумуштан кеткен жок
Тамак-аштын көбү ысырап болууда
Тамак-аштын көбү ысырап болууда
Кызсайкал Кабылова менен таанышкан жигит ким?
Кызсайкал Кабылова менен таанышкан жигит ким?
Балдар эмне үчүн жалган сүйлөйт?
Балдар эмне үчүн жалган сүйлөйт?
Асема Токтобекова: Сизди сүйгөн жүрөктү капалантпаңыз!
Асема Токтобекова: Сизди сүйгөн жүрөктү капалантпаңыз!