Дааратканада телефон колдонуу кооптуу экенин билесизби?

Дааратканада телефон колдонуу кооптуу экенин билесизби?
23-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 16:11

Тилекке каршы көпчүлүк адамдар бул жагдайдын чындык экенин моюнга алышпайт. Өкүнүчтүүсү бардыгыбыз эле дааратканага киргенде телефонду кошо ала кирүүнү адатка айлантып алдык. Телефонду колдонуу менен кошо унитазга отуруу канчалык деңгээлде ден соолукка коопту экенин көпчүлүгүбүз биле бербейбиз. “Mirror” басылмасы унитазда отуруп телефон колдонуу геморройдун пайда болуу коркунучун жогорулатаарын белгиледи.

Бул тууралуу “Patient.info” клиникасынын директору Сара Джарвис аталган басылмага берген маегинде бул нерсенин өкүнүчтүү жагдай экенин баса белгиледи. Британиялыктардын 57% дааратканада телефон колдонууну адатка айландырышкандарын айтып, алардын баарынын ден соолугу коркунучта экенин айтып өттү.

Дарыгерлердин айтымында, геморрой менен ооругандардын саны учурда арбын, болгону адамдар бул тууралуу айтышпайт. Мындан сырткары телефонду дааратканада колдонуу менен адамдар толгон токой микробдордун курчоосунда калууда.

Дарыгерлер адамдардын терс көнүмүш адатынан арылтуу оңойго турбас экенин эске алып, аларга бир канча кеңеш беришти: телефонду дааратканага кирген убакта сол кол менен кармоону, эгер сологой болсо оң кол менен кармоону, телефон кармаган кол менен дааратканада башка эч нерсе кармабоону эскертишти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
 Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Литвага Американын танктары алынып келинди
Литвага Американын танктары алынып келинди
"Алай" командасынын футболчусу Жоэл Кожо кыргыз кызына баш кошту
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди