Улгайган сайын адамдарда кыймыл азайып, алар жүрөк оорусуна кабылуу коркунучу жогору болот. Ага кандай факторлор себеп болот?
Үй-бүлөлүк маселелер
Үй-бүлөдөгү ар кандай чыр маселелерден улам, көпчүлүк жаштар жүрөк оорусуна көп кабылып жаткандыгын адистер коңгуроо кагып келет.
Тамеки чегүү
Тамекиден бир даана колдонсоңуз деле, жүрөк оорусунун тобокелдигине түрткү болот. Ошондуктан, ден соолугуңузга кам көрөм десеңиз, алгач тамеки тарткандан баш тартканыңыз оң.
Жогорку кан басым
Адамдардагы жогорку кан басым дагы, жүрөк булчуңдарына күч келтирип, жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучу жаралат. Ошондуктан кан басымы 130/80 болгондор кардиологдун көзөмөлүндө болушу шарт.
Кант диабет оорусу
Кант диабет оорусуна чалдыккандар организмдеги кан тамырлардын бузулушуна себеп болот. Диабетиктер кандагы канттын өлчөмүн тынбай текшертип, диета кармап, ашыкча салмак кошкондон алыс болуусу кажет.
Стресс
Абдан эмоциалдуу, амбициясы жогору, атаандашчыл, агрессивдүү жана бат таарынган адамдар дагы жүрөк пристубуна жана аталган ооруга көп кабылат.
Туура эмес тамактануу
Тамакка кошулган ар кандай химикаттар, ашыкча туз колдонуу, туура эмес тамактануу режими дагы бул ооруга кабылууга түрткү болгон факторлор.