Экзема оорусу жана анын пайда болуу себептери

Экзема оорусу жана анын пайда болуу себептери
21-Окт. 2019, Дүйшөмбү, 11:35

Экзема-терини кургатып, кычыштырып дүүлүктүргөн тери ооруларынын бир түрү. Ал эмне себептен жана кандай учурда пайда болот? Мына ушул тууралуу сөз кылабыз.

Адистердин айтымында аталган оору көпчүлүк учурда кандайдыр бир аллергиялык себептерден улам пайда болот. Мында тери кургап, кычышып дүүлүккөндүктөн, андагы микроорганизмдер инфекцияга айланат.

Экзема дененин каалаган жеринде пайда болот, өзгөчө колдон жана буттан кездештирүүгө болот.

Экземанын белгилери

Кычышуу

Теринин кургашы

Дүүлүгүшү

Теринин кызаруусу

Теринин ичинде суу сыяктуу ыйлаакчалардын пайда болушу

Экземанын түрлөрү

-Көбүнчө эле аллергиялык сапаттан улам келип чыгат. Мисалга, косметика, синтетикалык кийим же туура эмес кир жууган каражаттарды колдонгондон улам.

- Кадимки экземанын пайда болушуна сырткы (химиялык жана физикалык) жана ички (эндокрин жана нерв системасынын, боор, ичеги-карындын ар түрдүү оорусу) факторлор себеп болот. "Себореялык экзема" көбүнчө башка, чачтын түптөрүнө, маңдайга, кулак түпкө, жука чурайга, колтукка, киндиктин тегерегине чыгат. Балдардын экземага чалдыгышынын себеби диатезге байланыштуу болот.


Дарылоо

Экземаны дарылоону оорунун түрүнө карата врач жүргүзөт. Экземанын алдын алууда терини сезгентүүчү кээ бир ички жана тышкы факторлорду өз убагында жок кылып туруу өзгөчө мааниге ээ. Оорулуу убагы менен эс алып, уктап, туура тамактануусу керек. Тамактанууда витаминдүү, жакшы сиңе турган тамак-аштарды кабыл алуу өтө зарыл. Күчтүү, өткүр жана көп туруп калган тамак-аштарды, ичимдиктерди пайдалануудан оолак болгон жакшы.

Оорунун алдын алуу

Төмөндө айтып өткөндөй эң алгач эле, табигый азыктар менен азыктанып, иммунитетиңизди бекемдеңиз. Өзүңүздүн ыңгайыңызга жараша, аллергияңыз болсо, аны пайда кыла турган факторлордон оолак болуңуз. Оорулууга оору күчөгөндө дененин жабыркаган бөлүгүн сууга салууга, самын, кир кетиргич каражаттарды пайдаланууга жарабайт. Жуунганда жамгырдын же кардын суусун жылытып пайдалануу абдан пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Кызамыктын алдын алыңыз!
Кызамыктын алдын алыңыз!
Абылгазиев:
Абылгазиев: "Бийлик өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү"
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Жунушалиев:
Жунушалиев: "Саймаитиге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган"
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт