Бир суткада бейтапканага 256 бала кайрылды

Бир суткада бейтапканага 256 бала кайрылды
4-Ноя. 2019, Дүйшөмбү, 13:20

Бир сутканын ичинде Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык ооруканага 284 кайрылуу түшкөн. Алардын ичинен 256 бейтап - жаш балдар. Бул тууралуу бүгүн 4-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кайрылгандардан 81 бала ооруканага жаткырылган.

«Ичеги оорусу менен 101 бейтап кайрылып, 49 адам ооруканага жаткырылган. Ал эми 52 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Вирустук инфекция менен келген 61 бейтаптан 16 адам ооруканага жаткырылды», - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!