Грипптен коргонуунун жолдору

Грипптен коргонуунун жолдору
6-Ноя. 2019, Шаршемби, 14:43

Грипптен коргонуунун эң эле жакшы жолу витаминге бай мөмө-жемиштер менен азыктануу болуп саналат. Ага утурлай углеводго жана белокко бай тамак-аштарды колдонуңуз. Туура витаминдүү тамактануу сиздин ден соолугуңузга, психологиялык жана физикалык эмоцияңызга жардам берет.

Мисалга, курамында витамин С камтылган апельсин, мандарин, анарды колдонуңуз. Анардын курамы антиаксиданттарга бай жана иммунитетти бекемдейт. Ал үчүн күнүгө эртең менен турганда ач карын анардын, апельсиндин ширесин ичиңиз. Алар ден соолугуңузду чыңдап, иммунитетти бекемдейт.

Адистердин айтымында грипптен коргонуунун дагы бир жакшы жолу уйкуну кандыруу жана иммунитетти чыңоо.

Мисалы атактуу дарыгер ага оору тууралуу кайрылып келген адамдарга төмөндөгү суроо менен кайрылат: “Сиз күнүнө канча саат уктайсыз?”. Изилдөөдө 6-8 сааттан аз уктагандардар күнүмдүк бат чарчоого кабылган.

Ошол эле учурда грипптен коргонуу үчүн, атайын машыгуу залдарга жазылып, спорт менен жана сууда сүзүү менен машыксаңыз болот. Анын ордуна эшикте таза абада 40-45 мүнөт жөө басканыңыз дагы өтө пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!