Ич катууну кантип токтотобуз?

25-Май 2017, Бейшемби

Дарт көпчүлүк учурда ичеги-карын, он эки эл ичеги, боордун узакка созулган оорусунан улам пайда болот. Тамак-ашты убактысында туура ичпегенден, аз кыймылдоодон да бул дартка чалдыгып калууңуз мүмкүн. Ич катканда адамдын ичи көөп, каттуу ооруйт. Кабылдаган азыктар сыртка чыкпай, ичеги, ашказан толуп калат. Чоң дааратка 2-3 кундө араң отуруп, кээде күндө отурган менен ичеги толугу менен бошоно албайт. Ичегинин жарылып да кетүүсү ыктымал. Бир караганда көңүл бербесе да боло берчү жеңил-желпи ооруга окшогону менен, өмүргө өтө коркунучтуу. Ичтин катуусун төмөнкү ыкмалар менен дарысыз эмдеген учурда аз убакыттын ичинде бул дарттан арылууга болот.

1. Эң эле алгач төмөндөгү ыкмаларды жалкоолонбой, унутуп калбай күн сайын жасаганга аракет кылыңыз:

а) түндө жатар алдында жаңы уютулган айранга бир аш кашык өсүмдүк майын кошуп ичип, 10-12 жибитилген кара өрүк жеген оң.

б) ичегилердин өз калыбында жумуш иштөөсү үчүн ак нанга караганда кара нандын пайдасы көп.

б) жашылча-жемиш анын ичинде кызылча, капустаны көбурөөк жеш керек.

в) эртең менен ач карынга бир чыны муздак суу же шире ичкен жакшы.

г) жөө жүрүп, дене көнүгүүлөрү менен машыгуу ичеги-карынга гана эмес, бүтүндөй организмдин жумушун ирээтке келтирет.

2. Узакка созулган ичтин катуусун бул дарылык өсүмдүктөр менен дарылоого болот. Дарыгерлердин кеңеши менен гана ичүү сунушталат.

Чөптөрдү демдеп ичүүгө уйгак жалбырагы менен тамыры, казтаңдай, эрбасин, уулжан тамыры, печек жалбырагы (сены листы), ошондой эле кир самындын кайнатмасына мала марганцовка кошуп клизма жасоо керек. Бул үчүн бир канча күн түрлөп тамак ичиш керек. Андан соң жети жолу массаж жасалып, дене чыңдоочу ар кыл кыймылдар жасалат.

Ит мурунду (шиповник) алып, чоң кашык менен бирди, жарым литр суу куюп жай отто 15 мүнөт кайнатып, үстүн жаап сууганча коюп коесуз. Тамак ичээрдин астында бир чыныдан ичип турасыз. Бул ыкманы кутудагы ит мурун түгөнгөнгө чейин иче берсе болот.

Кара бүлдүркөндун 10 граммына кайнап турган бир куту суу куюп, 15 мунөт тундурасыз. Сүзүп алгандан кийин бир аш кашыктан кунунө 3-4 жолу ичесиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!