Кант диабети

29-Май 2017, Дүйшөмбү

Кант диабети бул- кооптуу жана кеңири жайылган оорулардын бири. Өнүккөн өлкөлөрдө анын пайда болушу көпчүлүк учурда туура эмес тамактануудан жана ашыкча салмактан келип чыгат. Диабет менен бир катар өлкөлөрдө калктын 10 пайызы жабыркап келет.

Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй кант диабети дээрлик эки эсеге жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу тобокелдигин жогорулатат. Бирок, бул кант диабети менен байланышкан үлкөн коркунучтардын бири эмес.

Америкалык окумуштуулар жаңы изилдөө жүргүзүп, анда көрсөткөндөй кант диабети менен ооруган адамдардын тамак-ашындагы туздун көп өлчөмдө болуусу аз колдонгондорго салыштырганда жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмгө дуушар болуу ыктымалдыгын жогорулатары жазылган.

Изилдөөдөгө катышкандарды күнүнө орточо тузду колдонгондор боюнча төрт топко бөлүшкөн. Жыйынтыгында топтогу тузду аз колдонгондорго караганда, көп колдонгондор (5,9 грамм күнүнө) инфарк жана башка жүрөк ооруларынын пайда болуу тобокелдигине эки эсеге көбүрөөк кабылаары байкалган.

Бул изилдөө көрсөткөндөй диабет менен ооругандардын тамактануусун карап көрүүнү сунуштайт жана байытуу керек экенин көрсөтүп турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!