Тамеки чегүү ден соолукка канчалык зыян?

Тамеки чегүү ден соолукка канчалык зыян?
9-Янв. 2020, Бейшемби, 05:10

Лондондогу университеттердин биринде окумуштуулар атайын изилдөө жүргүзгөн. Ага 220 миң киши катышкан. Анда тамеки чеккендер, тамеки чекпегендер жана мурда чегип токтототуп койгондор каралган.

Катышуучуларга алардын оорусу тууралуу 0дөн 100гө чейинки балл берилген. Мында тамеки чекпегендерге караганда, тамеки чеккендер жана аны таштоону пландап жаткандардын ооруну сезүүсү боюнча эки баллга жогору болгондугу айтылат.

Тамеки чеккен адамдардын клеткалык ткандарды уламдан-улам өлүп турат жана организдеги гормондук балансты бузат.

Изилдөөнүн жыйынтыгына таянсак сиз канчалык тамеки чегип, аны кийин таштасаңыз деле, организмиңизде оору кала берет экен.

Адистердин белгилегендей “Тамеки чегүү ашказан рагына алып бара тургандыгы 1950-жылдары тастыкталган. Муну менен кошо жүрөк, диабет жана тукумсуздук ооруларын пайда кылат”.

Тамеки чеккен адамдар операциядан кийинки жараатынын айыгышы дагы кыйын болот. Ошондуктан тамеки чеккен адамдар, тамеки чекпеген адамдарга караганда ооруну бат сезүүсү жаңылык деле эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР