Өлкөдө вирустук инфекция менен жабыркагандардын саны азайды

Өлкөдө вирустук инфекция менен жабыркагандардын саны азайды
10-Янв. 2020, Жума, 04:10

Кыргызстанда курч мүнөздөгү вирустук инфекция менен жабыркагандардын саны азайды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын биринчи жумасында, 30-декабрдан 5-январга чейин ооругандардын саны 27,4 пайызга азайган.

Жалпы 5 миң 236 учур катталды. Алардын көпчүлүгү 14 жашка чейинки балдар (67 пайызы).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР