Туура тамактануунун алтын эрежелери!

Туура тамактануунун алтын эрежелери!
16-Янв. 2020, Бейшемби, 05:20

Туура тамактануу жана спорт менен машыгуу аркылуу сиз ден соолугуңузга кам көргөн болосуз.

Табигый азыктарды гана колдонуңуз!

Эң алгачкы эреже: колуңуздан келсе дүкөндөрдө сатылган консерванттардын ордуна, табигый мөмө-жемиш жана жашылча-жемиштерди колдонуңуз

Чөп-чарларды көп колдонуңуз!

Тамак-ашка түрдүү чөп-чарларды колдонуу абдан пайдалуу. Анткени алар түрдүү витаминдерге бай

Эттин ордуна балык колдонуңуз!

Кызыл этке караганда балык колдонгон алда канча пайдалуу. Андан кийинки эле орунда үндүктүн жана тооктун эти турат. Адистер жумасына эки-үч жолу балык этин, айына үч-төрт жолу кызыл эт (уйдун же койдун) колдонууну сунуш кылат

Йогурт жана сырды көп колдонуңуз!

Йогурт жана сырдын курамы белокторго бай болгондуктан, организмде зат алмашууну жакшы жүргүзөт

Шекерди жана ун азыктарды аз колдонуңуз!

Шекерди жана ун азыктарын аз өлчөмдө колдонуңуз. Аларды канчалык көп колдонсоңуз, ден соолугуңузга зыян.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР