Суунун ден соолукка пайдасы

Суунун ден соолукка пайдасы
20-Янв. 2020, Дүйшөмбү, 09:10

Суу адамдын организмине эң керектүү элемент. Анткени адамдын организминин 60-70 пайызы суудан турат. Адамдын ден соолугу жакшы болуш үчүн күнүнө эки литр суу ичүү керектигин адистер айтып келет.

Суу кандай ооруларга даба?

Токсиндерди чыгарат

Организмде көптөгөн токсиндик заттар кездешет. Биз ар кандай тамак-ашты кодонуп олтуруп, организмибизди өзүбүз эле уулап алат экенбиз. Мына ошол уулуу заттарды сүрүп чыгарууга алгач суу жардамга келет.

Жүрөк жана муундарга пайдалуу

Суу атресклероз зыяктуу ооруларга даба. Биз жетишээрлик суу ичкенде кан жакшы тарап, атересклероз оорусунун пайда болуу жолун алдын алат. Ага утурлай жүрөк жана инсульт оорусунун дагы алдын алат.

Тамак сиңирүүдө мыкты элемент

Суу тамак-ашты сиңирүүчү мыкты элемент. Дал ошол суу аркылуу биздин жеген тамагыбыз организмге сиңет. Эгерде сиздин ичиңиз ооруса, анда суу ичүү режимине өтүңүз.

Иммунитет жана суу

Суу иммундук системаны бекемдейт. Биздин каныбыз канчалык суюк болсо, организмде ошончолук циркуляция жакшы жүрөт. Аны суюлтуп турганга суу жардам берет.

Суу арыктоого жардам берет

Сиз диетага отуруп, спорт менен машыгууну чечсеңиз дагы, суу жетишээрлик өлчөмдө ичүүнү унутпаңыз. Ал өзгөчө ашыкча майларды жок кылганга пайдалуу.

Мээ дагы сууга муктаж

Баш оору, бат чарчоо, ишке болгон мамиленин төмөндүгү-организмде жетишээрлик суунун жетишпестигине байланыштуу. Ошондуктан замандаш сиз таза суу ичүү менен ден соолугуңуздун чыңалуусуна салым кошсоңуз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Өзүңүздү ар дайым сергек сезгиңиз келеби?
Өзүңүздү ар дайым сергек сезгиңиз келеби?
​Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча дүйнөлүк рейтингде көтөрүлдү
​Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча дүйнөлүк рейтингде көтөрүлдү
Кыргызстан - Корея аба каттамдарын ачуу аракеттери башталды
Кыргызстан - Корея аба каттамдарын ачуу аракеттери башталды
Кыргызстанда 2565 жеке ветеринар бар
Кыргызстанда 2565 жеке ветеринар бар
Бишкектеги эң популярдуу төлөм картасы болуп Visa эсептелет
Бишкектеги эң популярдуу төлөм картасы болуп Visa эсептелет
Статистика: өткөн жылы 12,9 миң тонна жүн өндүрүлдү
Статистика: өткөн жылы 12,9 миң тонна жүн өндүрүлдү
Кыргызстанда 1,4 млн тонна картошка өстүрүлдү
Кыргызстанда 1,4 млн тонна картошка өстүрүлдү
Ысык-Көл аймагында жер титиреди
Ысык-Көл аймагында жер титиреди
Кыргызстанга акча которуулардын өлчөмү 280 млн. долларга азайды
Кыргызстанга акча которуулардын өлчөмү 280 млн. долларга азайды
Кыргызстандыктардын өткөн жылдын 9 айындагы кирешеси аныкталды
Кыргызстандыктардын өткөн жылдын 9 айындагы кирешеси аныкталды
Ак сарай Nokia менен Ericssonду Huaweiге каршы койду
Ак сарай Nokia менен Ericssonду Huaweiге каршы койду
Япониядагы круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылганы айтылууда
Япониядагы круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылганы айтылууда
 Ат-Башыдагы логистикалык борбор: инвестор долбоорду токтотту
Ат-Башыдагы логистикалык борбор: инвестор долбоорду токтотту
Youtube: 15 жылдагы эң популярдуу видеолордун тизмеси чыкты
Youtube: 15 жылдагы эң популярдуу видеолордун тизмеси чыкты
Самара Каримова: Кыйынчылыктан өткөндө гана эңсегениңе жетесиң
Самара Каримова: Кыйынчылыктан өткөндө гана эңсегениңе жетесиң
Догдурбай Урмамбетов менен Лира Севендин концертине келиңиз!
Догдурбай Урмамбетов менен Лира Севендин концертине келиңиз!