Эгерде ооруп калсаңыз жумуртка сизге кам көрөт!

Эгерде ооруп калсаңыз жумуртка сизге кам көрөт!
29-Янв. 2020, Шаршемби, 09:02

Эгерде сиз ооруп калсаңыз, муздаткычта турган жумуртка жардамга келет.

Жөтөлдү басыш үчүн

Ал үчүн эки чай кашык каймак майга, эки жумуртканын сарысын, бир чай кашык ун жана эки чай кашык таза балды кошуп аралаштырып аласыз. Бул аралашманы күнүнө 3-4 жолу бир чай кашыктан ичүү керек

Күйүп калган териге пайдасы

Эки-үч даана жумуртканы сууга бышырып аласыз. Анын сарысын өзүнчө бөлүп алып, өңү өзгөргөнчө мискейге бардык тарабын кууруп аласыз. Аны майдалап, күйүп калган жерге бассаңыз, ооруну бат айыктырат

Гриппке кабылганда

500 миллиграмм жылуу сүткө, бир даана үй жумурткасын, бир чай кашык бал жана бир чай кашык каймак май кошуп аралаштырып аласыз. Даяр аралашманы түнү жатарда колдонуу керек.

Эртең менен жөтөлүңүз айыгып, мурдуңуздан суу куюлбай калганын байкайсыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР