Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир суткада 195 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 114 бейтап жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 62 бейтап (41 бейтап жаш балдар) ооруканага жаткырылган.

Ичеги-карын оорусу менен 19 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 11 адам ооруканага жаткырылса, 8 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Ал эми вирустук инфекция менен кайрылган 45 бейтаптын ичинен 17 адам ооруканага жаткырылып, 28 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөндүгү маалыматта айтылат.