Кордайдагы массалык башаламандыктан Кыргызстанга качып келип дарыланып жаткан Казакстандын жарандары өз өлкөсүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-февраль күнү Казакстандан саламаттыкты сактоо министринин орун басары Камалжан Надыров башында турган делегация Бишкекке келген. Алар КРнын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев менен биргеликте Чүй облусундагы медициналык мекемелерде жаткан жарандарынын абалы менен таанышкан.

Ал жарандарына убагында медициналык жардам көрсөткөнү үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле делегация Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү менен жолугуп жаракат алгандар мындан ары Казакстанда дарыланарын түшүндүрдү. Жолугушуулардын жана бейтаптар менен сүйлөшүүнүн натыйжасында сегиз жаранды Казакстандын санавиация кызматынын реанимобилдери менен Алматы шаарына алып кетишти”, - деп айтылат маалыматта.

8-9-февраль күндөрү ар кандай диагноз менен 34 адам кайрылган. Анын ичинен 21и алгачкы медициналык жардам алып кеткен, 13 адам ооруканага жаткырылган.

Эскерте кетсек, 7-февралда Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Башаламандыктын кесепетинен 11 адам каза болуп, 50дөй киши жаракат алган.