Тырмактын катмарланып кетиши-онихолизис деп аталат. Аталган оору көпчүлүк адамдарда ар түрдүү куракта кездешет.

Анын себептери

Балким катуу жерге уруп алгансыз. Ошол эле учурда кыскан бут кийим дагы себеп болот.

Өнөкөткө айланган тери оорулар. Мисалга, псориаз жана экзема сыяктуу

Ички органдардын оорушу

Организмде темирдин жетишсиздиги

Диабет оорусу

Жүрөк оорусу

Кантип дарылоо керек?

Алгач эле ал эмне себептен пайда болуп жаткандыгын аныктоо керек. Мисалга, гриобокко каршы анализ тапшырыңыз.

Идиш жууганда колуңузга кол кап кийип жууп, химиялык каражаттарды көп колдонбоого аракет кылыңыз.

Күнүгө тырмак үчүн пайдалуу май сүйкөгөнгө аракет кылыңыз.