Адистер тумоолоп калганда төмөнкү азыктарды колдонбоого чакырат. Анткени алар ооруну күчөтүп жибериши мүмкүн.

Жаңгак

Ооба, жаңгак адамга күч-кубат бере турган жемиш. А бирок тумоолоп жаткан учурда, жаңгакты көп жесеңиз, тамагыңызды кычыштырат.

Ичимдик жана кофе

Ичимдиктин вирустук ооруларга тийгизген зыяны көп. Анткени ал организмге реакция жаратып, иммунитетти түшүрүп жиберет. Кофе дагы ичкенге мүмкүн эмес, себеби ал денени кургатып жиберет.

Таттуулар

Тумоолоп ооруп жатканда конфет жана шоколад сыяктуу таттуулардан баш тартыңыз. Себеби, алар абдан калориялуу келип, организмдеги лейкоциттерди көбөйтүп, иммунитетти түшүрүп жиберет. Ошол эле учурда тамактагы бактерияларды көбөйтүүгө дуушар кылат. Анын ордуна эң жакшысы балды колдонууну сунуш кылабыз. Бал-антибактериялык жана иммунитетти бекемдөөчү азык болуп саналат.