Сасык тумоологондордун саны эки пайызга төмөндөдү

06-02-2017

Сасык тумоо жана курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялык ооруга чалдыккандардын саны 2 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Кыргызстанда күн сайын жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу, ооругандардын саны бир аз төмөндөдү. Ушул жылдын январь айынын 3-жумасында республика боюнча сасык тумоонун белгилери менен медициналык жардам алууга 7860 адам кайрылса, 4-жумада 7716 кайрылуу келип түшкөн”, - деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматы боюнча, ооругандар бардык облустарда катталып жатат, бирок эпидемиологиялык чектен өтө элек.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!