Буу менен ингаляция жасоо...

20-Июнь 2017, Шейшемби

Буу менен ингаляция жасоо жөтөл, сасык тумоо, ангина, тамактын оорушу менен мурундан суу агуу, бүтөлүшү сыяктуу дем алуу жолдорунун ооруган кезде сакайтууга жардам берет. Бирок, көпчүлү буу менен ингаляцияларды туура жасаганды билбейбиз. Ошондуктан ингаляция туурасында маалымат бермекчибиз.

Ингаляция жасоо-бул кандайдыр бир ысык кайнап турган (адатта суудан) чыккан буу менен дем алуу. Ингаляция дем алуу органдарын жылытып, козголуп турган тамакты тынчтандырат. Бактерияларды өлтүрүп, айыгып кетүүгө жардам берет.

Эң биринчиден буу менен ингаляцияны дене табы көтөрүлүп турганда жасоого болбой тургандыгын эскерте кетүү керек. Дене табы 37 градусты көрсөтүп турса да, жасалган ысык ингаляция сиз үчүн кооптуу болот берет. ошондой эле, буу ингаляцияларын балдарга дарыгердин кеңеши менен жасаңыз. Булдардын териси менен ички мүчөлөрү назик болгондуктан, жогорку температура ички органдарды күйдүрүп жиберет.

Ингаляциянын негизи ирээтинде эмнени колдонууга болот?

Ингаляциянын негизи кортошка бышкан суу боло алат. Ал үчүн сууну кайнатып, кортошка бышырасыз, үстүңүзгө сүлгү жаап, буу менен дем алыңыз. 20 мүнөттөй дем алуу кажет.

Мындан сырткары, жөнөкөй кайнаган суу менен ингаляция жасоого да болот. Кайнаган чайнектин оозуна конус сымал оролгон кагазды калып, андан чыккан буу менен 10 мүнөт дем алыңыз.

Чайнектеги сууга атайы чөптөр кошуу аркылуу буунун таасирин жогорулата аласыз. Өзүңүзгө жаккан же ооруп жаткан мезгилде белгилүү бир ооруга колдонуучу дары чөптөрдүн түрүн, эфир майынын бир нече тамчысын кошуңуз.

Жөтөдө эвкалипт, же лимон эфир майлары жакшы кетирет.

Эгер мурунуңуз агып же бүтөлүп жатса, мурунуңуз менен дем алыңыз, тескерисинче тамагыңыз ооруп жатса ооз менен терең шашпай дем алып турасыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!