Деңиз тузунун пайдасы

07-02-2017

Баардык туздардын түрлөрү сыяктуу эле деңиз тузун керектүү деңгээлде колдонсо организмге көптөгөн пайда алып келет. Илгерки заманда деңиз тузу деңиз сууларынын бууланышынан пайда болуп атайын көлмөлөрдө чогултулуп алынган.

Деңиз тузунун курамы жана пайдасы

Бул туздун сактоо мөөнөтү жок жана ага аба, күн коркунучтуу эмес,себеби анын курамындагы йод табигый жол менен кошулган.
Деңиз тузу сүйүктүү тамак-аштарда гана колдонулбайт. Эгер бөйрөк таштарына жана кан басым көтөрүлсө күнүмдүк колдонгон туздардын ордун деңиз тузуна алмаштырып, нерв системасынын жакшырышына, жүрөк кан тамыр ооруларын алдын алууда, өпкөнүн иштөөсүн жакшыртууга жардам берет.
Тамак аштарга деңиз тузун колдонуп келген өлкөлөрдө муун оорулары, кан басымдын көтөрүлүшү сыяктуу оорулар болбой тургандыгы жана ал жердин дарыгерлери бул ооруларды кантип даарылоону билбей тургандыгы айтылат. Европа дарыгерлери деңиз тузунун көп ооруга даба экендигин моюндап келишет.
Анын курамындагы калий жана натрий керектүү заттарды организмдин кабыл алуусуна, кальций кандын коюланышына жана нерв системасына пайдалуу. Ал эми магний зат алмашууну жана аллергияга, бром терини жакшыртып жана йод калкан бездерине көмөктөшөт.

Деңиз тузун косметологияда колдонулушу


Деңиз тузун косметикалык каражаттарда да колдонулушунун себеби аны кадимки эле иче турган сууга кошсо ал дарылык касиетке ээ болот. Албетте, деңиз тузун тамак-аш катары колдонгон туура бирок, кээ бир ооруларда колдонууга болбойт. Деңиз тузу кошулган ванналарга түшсө тери керектүү болгон минералдар менен камсыз болуп, активдүү түрдө токсин жана шлактардан арыла баштайт.

Безеткиге каршы

Бет терисине кам көрүүдө деңиз тузу алмашкыс каражат. Ал антисептикалык каражат болгон соң терини тазалап жана кургатат. Жөн гана дениз тузун кошуп атайын ванналарга жатуу керек. Бул ыкманын жардамы менен түрдүү тери аллергияларын жана теринин кычышуусун жок кылат.

Чач үчүн

Эгер чачыңыз түшсө деңиз тузун колдонуп, түрдүү маскаларды колдонсоңуз болот. Эң жөнөкөй жолу деңиз тузун баш териге сүртүү менен теридеги өлгөн клеткаларды чыгарууга жардам берет, зат алмашуу процессинин иштөөсүнө түрткү болуп, майлуулугун азайтат жана клеткалардын дем алуусун камсыз кылат. Эгерде туздун өзүн сүрткүңүз келбесе анда ага зайтун, кастор майы сыяктуу майларды, айран, каймак май, майонез, көк сүткө аралаштырып колдонсоңуз болот.
Масканы чачка сүрткөндөн кийин башты жылуулап, ороп бир сааттай кармап туруу кажет. Бул ыкманы жумасына 1-2 жолу жасасаңыз чачыңыз күчтүү, жумшак жана жалтырап чыга келет.

Деңиз тузу целлюлитке каршы

Деңиз тузун денеңизде көйгөй жараткан целлюлитке да каршы колдонсоңуз болот. Аны губкага же укалоо щёткасына себелеп алып денеңизге сүртүү зарыл. Мындай ыкма клеткалардан ашыкча сууларды чыгарып, керектүү минералдарды сиңирип алат. Деңиз тузу салынган ванналарга түшүү менен 8-10 кг ашыкча майлардан кутулууга жардам берет.
Деңиз тузу 300 г жана ашкана соодасы 200г кошуп 10 мүнөттөй эки күндө бир ваннага жатсаңыз арыктоого жана целлюлиттен кутулууга чоң жардамчы болмокчу. Андан соң душка түшүүнүн кажети жок жана жука жуурканга оронуп, 30 мүнөттөй жатуу менен арыктоо процесси тездейт.
Ашкана тузун деңиз тузуна алмаштыруу менен көптөгөн оорулардын алдын алып, териге, чачка сулуулук кошуп жана арыктоого көмөкчү болмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!