Жети дары жаныңызда жүрсүн

12-Июль 2017, Шаршемби

Ооруп кантип дарыланууну издегенче, орубай жүрүүнүн жолун издеңиздер. Ооруп калсаңыз бул дарылар жаныңыздан табылсын. Бирок, дарыгердин көзөмөлүсүз колдонууга болбоорун эске алыңыз!

✅ 1. Парацетамол

Парацетамол – дүйнөдөгү эң белгилүү дары. Бул дары негизинен Панадол, Эффералган сыяктуу бир нече дары чыгарат. Парацетомол баш, тиш ооруларын басып, ошону менен бирге температуураны түшүрүүчү дары. Аны кичинекей балдар да, чоң кишилерге да колдонууга болот. Бирок ал боору ооруган адамдарга тескери таасир тийгизет.

✅ 2. Ич өтсө – Лоперамид

Ичке бул даарынын таасири Имодиумдан кем эмес. тескерисинче баасы ага карганда алда кайда арзан. Эгер ичиңиз катттуу өтсө, лоперамиддин 4 мг кабылдаңыз. Бир эскерте кетүүчү жай, 5 жашка толо элек балдарга 2 мг ашык ичүүгө болбойт.

✅ 3. Аллергияда – Диазолин

Бул баарыбызга белгилүү Эриус дарысынан кем калбайт. Аллергияга каршы турат жана ич ооруларын алдын алат. Бул дарынын атайы кичинекей балдарга арналган түрү да бар.

✅ 4. Тынчтандыруу үчүн – Валерьянка

Валерьянканы карапайым калк мурунтан бери колдонуп келет. Дарыгерлердин айтуусу боюнча анын адам ден соолугуна тигизген пайдасы мол. Бирок, 12 жашка толбогон балдарга ичүүгө болбойт.

✅ 5. Жүрөк ооруса – Нитроглицерин

Бул жүрөк оорусун басуучу дары. Ошону менен бирге кан тамырларды кеңейтип, кандын айлануусун жакшыртат. Жүрөк кысылган кезде да жаныңызда болгону оң. Бирок бул дарынын бир кемчилиги – баш оорусуна алып келүүсү мүмкүн.

✅ 6. Кан басым көтөрүлсө – Папазол

Бул дарыны көбунчө стенокардия менен гипертония ооруларына чалдыккан адамдар ичет. Папазолду 2-3 күндө 1 таблеткасын ичсе жеткиликтүү. 12 жашка жетпеген балдарга берүүгө болбойт.

✅ 7. Ууланып калган учурда – активдештирилген көмүр

Бул дарыны баардыгыбыз эле көрүп, билип жана угуп журөбүз. Ичеги карын жолдорун тазалоого жардам берет. Бирок өзүңүз менен бирге 2 даанасын алып жүрүңүз кажет. Себеби бул дарыны салмагыңызга карап ичесиз (10 кг – 1 таблетка).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!